Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

ЖАПОНИЯ ТҮНДҮК КОРЕЯДАН ДАГЫ 5 КИШИНИ КӨЧҮРҮП КЕТТИ


Жапониянын премьер-министри Дзюньитиро Коидзуми ишембиде Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир менен бир жарым сааттык сүйлөшүү өткөрдү. Чукул саммиттин соңунда мындан 20 жыл илгери Түндүк Кореянын агенттери уурдап кеткен жапон жарандарынын туугандарына Жапонияга көчүп кетүүгө уруксат берилгени маалымдалды.

Жапон премьери Коидзуми менен коммунисттик Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирдин 2002-жылдын күзүндө өткөн алгачкы жолугушуусу эл аралык коомчулук үчүн чоң жаңылык болгон. Анда жапон премьери Пхеньяндын тыңчылары мындан 20 жыл илгери уурдап кеткен 5 жапон жаранына мекенине барууга уруксат берүү маселесин макулдашып, ал үчүн Токио Түндүк Кореяга ири көлөмдөгү гуманитардык жардам жөнөткөн.


Ишембиде Пхеньянга экинчи иш сапары менен барган Коидзуми бул ирет ошол беш жапон жаранынын жакындарын, бардыгы 8 кишини Жапонияга көчүрүп кетүү маселесин чече алды. Бирок, жолго чыгаар алдында жапон өкмөт башчысы журналисттерге буларды билдирди:

- Уурдалган кишилер боюнча, Хасуйке менен Чимуранын үй-бүлөлөрүнүн беш мүчөсү бүгүн биз менен Токиого кетип жатышат. Хитоми Соганын жубайы Женкинс жана алардын эки кызы азырынча Пхеньянда калышты. Президент Ким Чен Ир – бул Женкинстин жеке чечими экенин маалымдады.

Ошентип, көп жылдардан бери Түндүк Кореядагы жабык режимдин курмандыктарына айланып, жакын туугандарынан кол үзгөн беш киши жапон премьеринин самолетунда тарыхый мекенине сапар тартышты. Токиолук маалымат каражаттары кабарлагандай, бу жолу да жапон өкмөтү Түндүк Кореяга 250 миң тонна күрүч жана башка товар түрүндөгү экономикалык жардам көрсөтүүнү убада кылган.

Маалымат агенттиктери билдиргендей, ишемби күнкү жолугушууда андан тышкары Жапония – Түндүк Корея мамилелери, Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасынын тегерегинде да сөз болду. Эксперттердин баамында, бир жарым саатка гана созулган саммит эки тарапка бирдей утуш алып келди. Ким Чен Ир – каржалып турган өлкөсүнө ири экономикалык жардам алганга жетишсе, жапон премьери Коидзуми – Түндүк Кореяда аргасыз туткунда жашаган ар бир атуулдун тагдырын талбай талкуулаган мекенинде бул окуя аркылуу ушул жайда өтө турган парламенттик шайлоо алдында саясий упай топтой алганы талашсыз. Премьер-министр Пхеньянга жөнөгөнү жатканын уккан Түндүк Кореяга уурдалып кетип бошонгон жарандар жума күнү Токиодо чогулуп, өкмөттүк делегация кайра кайтып келгиче аэропорттон кетпей күтүп тураарын билдиришкен.

Жакында бир нече өкмөт мүчөлөрү финансылык операцияларга байланыштуу айыпталып, окуя ири жаңжалга айланып бараткан чакта Коидзуми Түндүк Кореяга барып, жапон жарандарынын туугандарын бошотуп кеткени – Токиодо саясий темалардын маанайын өзгөртө алчу окуя болуп калды. Жакында жапон премьери Бэйжинге да барып, Кытайдын президенти Ху Цзинтао менен Корей жарым аралындагы коопсуздук маселесин талкуулап кеткен.

Ишембиде жапон премьери айткандай, анын самолетуна бир гана 1965-жылы Түндүк Корея тарапка өз ыктыяры менен өтүп кеткен АКШ сержанты, кийин Жапониядан уурдалып барган кызга үйлөнгөн Чарльз Роберт Женкинс гана түшкөн жок. Ал Түндүк Кореядан кетсе эле, Пентагон камакка алып соттойт деп чочулайт. Америкалык экс-сержант Женкинс бойго жеткен эки кызы менен Пхеньянда, 2002-жылы мекенин көрүп келейин деп кеткен боюнча Токионун чечими боюнча кайра кайтпай калган жубайы Хитоми Согу Жапонияда калды, алардын үй-бүлөсү эми качан биригээри белгисиз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG