Кыргыз элинин 2200 жылдык тарыхында кыязы, 18-жана 19-кылымдардын тогошундагыдай ары оор, бери дегенде тарыхый бурулуштуу мезгил болбосо керек. Жунгар, Цинь Кытайы, Кокон хандыгы жана Аблай хандын кыргыздарга багытталган биринен сала экинчи бир кыргын-чапкындары, алакандай элди калаксыз кемедей тарых деңизинде чайкап турган. Айыгышкан жоонун көздөгөн максаты кайраттуу элдин эркин майтарып эле тим болбой, колдон келсе алар кыргыздардын тамырын кыркууга аракет кылышкан.
Кайран элди чачыратып, чилдей таркатпай, душмандар ойлогондой тарых көктөмүндө калтырбай, калк камын жеген улуу инсандардын бири Атаке баатыр болгон.
Анда эмесе, кыргыздардын тарыхый инсандары боюнча изилдөө жүргүзүп аткан таанымал Токторбек Өмүрбековдун Атаке баатыр жөнүндөгү пикирин угуп көрсөк:
- 1860-жылдарда кыргыз эли Фергана, Каратегин, Гүляп, Бисар тараптан кайрадан түндүк Кыргызстан Алатоого кайтканда солто уруусунун таанымал жол башчыларынын бири катарында эрдиктерди көрсөтүп, кыргыз элинин Алатоо ата-журтун кайрадан элөөдө зор роль ойногон. 1860-70-жылдырдан тартып Атаке баатырдын коомдук саясий ишмердигинде өтө жогорулоо учуру башталат. 1880-жылдардын башына карата, бул Алатоо аймагындагы кыргыздардын ири уруу бирикмелеринин жол башчыларынын ичинен атак-даңкы чыккан улуу инсандарга, азыркыча айтканда, улуттук сыймыкка айланганы белгилүү. Тарыхый булактарда Атаке баатырдын коомдогу ээлеген орду жөнүндө так тарыхый маалыматтар бар. Аларга караганда Атаке бий 18-кылымдын 80-жылдарында кыргыз ээлигинин ханы, өкүмдары сыяктуу бийлик жүргүзгөн. Атүгүл, Аристостун жазганына караганда, орус княздары сыяктуу бийликти жүргүзгөн, мамлекеттик ишмер болгон.
Атаке баатыр жалаң эле колуна кылыч кармап, жоо бетинде жүрбөстөн, ачынган элдин камын жеп иштетүүгө көңүл бөлгөн. Туш тарабынан душмандар менен курчалган кыргыз элин башкалардын колун карабасын деп, адыр, түздөргө арык салдырып, эгин айдаткан. Анын мындай камкордугу бүгүнкү күнгө чейин элдин эсинде сакталып, ошол арыктар "Атакенин арыктары" деп айтылып келет.