Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮ РЕФОРМА ПЛАНЫН КАБЫЛ АЛДЫ


Араб лидерлери Тунистеги саммиттин соңундагы биргелешкен билдирүүсүндө Палестин аймактарындагы Израилдин соңку аскерий операцияларын айыпташты. Ошондой эле аталган жыйында араб дүйнөсүндө жүргүзүлүүчү саясий–экономикалык жана социалдык реформалардын планы да кабыл алынды.

Саммите кабыл алынган план - Араб лигасына мүчө 22 өлкөнүн реформа жаатында биргелешип берген биринчи убадасы. 13 пункттан турган план эми айрым араб мамлекеттери тарабынан дүйнөнүн өнүккөн жети өлкөсү менен Орусиянын быйыл июнь айындагы жыйынына сунуш кылынмакчы. Чоң жетилик менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги кеңешмесине араб өлкөлөрүнүн айрымдары, анын ичинде Бахрейн, Йемен, Египет, Иордания жана Сауд Арабия чакыртылган.

АКШда да өзүнүн Жакынкы Чыгышты демократиялаштыруу боюнча демилгелери Чоң жетилик менен Орусиянын ушул июндагы саммитинде ишке киргизилүүсүн көздөөдө. АКШнын демилгеси араб дүйнөсүндөгү саясий, экономикалык реформаларды колдоо үчүн АКШ, Евробиримдик жана НАТОнун ортосунда кызматташтык кеңейтилишин карайт.

Жакында Иорданияда өткөн эл аралык экономикалык форумда АКШ Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл араб лидерлерин өз өлкөлөрүндө демократиялык жана экономикалык реформаларды жүргүзүү үчүн кызматташууга чакырган эле. Бирок бул жолку саммитте конок ээсинин милдетин аткарган Тунистин тышкы иштер министри Хабиб Бен Яхьейдин айтымында, жаңы план АКШнын таасири менен кабыл алынган жок:

-Документ реформа тууралуу. Ал араб өлкөлөрүнүн өтүнүчү менен иштелип чыкты. Ал биздин коом келечекте муктаж болуучу белгилүү бир нерселер жөнүндө. Ал ички жараяндардан улам жасалды, себеби реформалар өлкөлөрдүн өзүнөн чыгууда. Биз маселеге ар бир өлкөнүн суверенитетинин алкагында кайрылабыз. Ар бир өлкөнүн чечим кабыл алуудагы суверенитетине кийлигишүүгө ниеттенбейбиз.

Саммиттин соңундагы биргелешкен билдирүүдө араб лидерлери саясий-экономикалык, социалдык реформаларды жергиликтүү коомдордун тандоосуна, алардын диний жана маданий баалуулуктарына, мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык келген шартта жүргүзүп, тездетүүгө дилгир экени белгиленет.

Жыйынга катышкан кабарчылардын жазганына караганда, пландын айрым бөлүктөрүнөн Сириянын талабы боюнча "реформа" деген сөз алынып, "өнүгүү жана модернизация" деген сөз менен алмаштырылган.

АКШнын араб дүйнөсүн реформалоо боюнча демилгелери чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө сынга кабылган эле. АКШнын деилгесин сынга алгандар муну араб коомуна реформалардын сырттан таңууланышы катары көрүшөт. Аналитиктер болсо араб өкмөттөрүнүн кооптонуусун, демократиялаштыруу жараяны ириде алардын бийлигине таасир берээри менен байланыштырышат.

Демилгеси сынга кабылган соң Вашингтон өз багытын бир аз жумшарткансып, реформа боюнча сунуштар араб өлкөлөрүнүн өзүнөн чыкса аны колдоорун айтып жаткан.

Араб лидерлери Тунистеги саммиттин соңундагы билдирүүсүндө Палестин аймактарындагы Израилдин аскерий операцияларын, өзгөчө жөн-жай тургундарды бутага алышын да айыпташты. Палестин лидери Ясир Арафат болсо араб лидерлерине спутниктик байланыш аркылуу гана кайрыла алды. Израил аскерлери акыркы эки жылдан бери аны Раммала шаарындагы кеңсесинен чыгарбагандыктан, Арафат Араб лигасынын жогорку деңгээлдеги жыйындарына тикелей өзү катыша албай келүүдө.

Айта кетчү дагы бир жагдай, бул жолку саммит адегенде март айына белгиленген эле. Бирок күн тартибиндеги маселелерге байланышкан пикир келишпестиктерден улам саммит өтпөй калган болчу. Анткен менен бул жолу да Араб лигасына кирген 22 мамлекеттин ичинен жетөөсүнүн биринчи жетекчилери келбей, аларды төмөнкү деңгээлдеги расмий адамдар алмаштырды. Ал эми Ливиянын президенти Муамар Кадаффи саммит ачылаар замат, жыйын залын таштап чыгып кетти. Ливия лидери Араб лигасын иши натыйжасыз уюм катары сындап, келечекте өз өлкөсү андагы мүчөлүгүн токтотушу мүмкүн экенин да эскертти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG