Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

ЯЛТА САММИТИ ӨТТҮ


Төрөкул Дооров, Москва Бүгүн, 24-майда, КМШ аймагында жаңы түзүлүп жаткан Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке киришкен мамлекеттердин башчыларынын саммити өттү. Орусия, Беларус, Украина жана Казакстандын президенттери бул ирет Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында баардык мүчөлөргө бирдей таркатылуучу эрежелерди иштеп чыгуунун жолдорун талкууга алышты.

Былтыркы жылы күзүндө Орусия, Беларус, Украина жана Казакстандын президенттери чогулуп, мындан ары бирдиктүү экономикалык мейкиндикте жашоо керектигин белгилешкен жана атайын келишимге кол коюшкан. Андан бери сегиз айдан ашуун убакыт өттү. Ушул мезгил аралыгында аталган баардык жумурияттардын парламенттери мамлекет башчыларынын бул ниетин колдошуп, Бирдиктүү экономикалык мейкиндик жөнүндөгү келишимди жактырышты.

Ошондуктан бул жолку саммитте негизги көңүл ортодогу экономикалык карым-катнашты жүргүзүү ишинде баардык мүчөлөргө бирдей таркатылуучу эрежелерди иштеп чыгууга арналды. Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттер менен жолугушуу учурунда «Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү иши менен машыккан жогорку даражадагы атайын топ 61 түрдүү мамлекеттер аралык алгылыктуу долбоорлорду иштеп чыкандыгын» айтты. Анын ишениминде, 2005-2006-жылдарда бул документтердин биринчи пакетине колдор коюлуп, келишимдин негизинде ишти баштоого мүмкүндүк пайда болот. Андыктан, ушул тапта «Бирдиктүү экономикалык мейкиндик ичинде баардык мүчөлөргө бирдей таркатылуучу эрежелерди иштеп чыгуу зарыл». Бул эрежелерди Путин «Уюмдун Конституциясы» деп атады:

- Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында кабыл алунуучу анын Башмыйзамы, ага мүчө өлкөлөрдүн Конституцияларынан айырмаланып, тикелей таасир бере ала турган бирдиктүү келишимдин күчүнө ээ болушу ылаазым.

Орус президентинин бул сөзү Украинанын мамлекет башчысына күчтүү таасир калтыргандай болду. Анткени, жакында эле Украина парламентинде уюмду түзүү келишимин ратификациялоо учурунда мамлекетке баш ийбеген орган түзүлөт экен деп оппозициячыл партиялардын депутаттары президент Леонид Кучманы катуу кысымга алышкан. Анын үстүнө ушул жылдын күзүндө Украинада президенттик шайлоо өтмөкчү. Андыктан Кучманын Украинадагы рейтингинин төмөндөшү анын мураскорунун бийликке келүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүн дээрлик жокко чыгарат.

Кантсе да, Леонид Кучма Бирдиктүү экономикалык келишимдин алкагында кызматташууга ар бир тарап кызыкдар экендигине ишене тургандыгын айтты.

Ал эми Беларус республикасынын президенти Александр Лукашенко Бирдиктүү экономикалык мейкиндик Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарын эске алуу менен түзүлүшү керектигин баса белгилейт:

- Биз Дүйнөлүк соода уюмуна баардык аракеттерибизди биргеликте иштеп, татыктуу деңгээлде киришибиз керек. Бул үчүн эгерде Бирдиктүү экономикалык уюмду түзүү ишинде уюмду жоготуп койбоону каасалак, анда реалдуу иштерди аткарышыбыз зарыл.

Негизинен, байкоочулардын баамында, бул жолку саммит анчалык деле жемиштүү болгон жок. Буга ар кимдин кызыкчылыгынын ар кайсыл багытта өнүгүп жатышы себеп болду. Мисалы, Казакстан бажы кызматтарынын ишин жөнөкөйлөтүп, транспорт кеңешин түзүүгө кызыкдар болсо, Беларус бул уюмдун талаптары кийин Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарына каршы болуп калбашына аракеттенет. Ал эми Украина президенти өлкө ичиндеги туруктуулукту сактоо үчүн азырынча кескин аракеттерден оолактап турат. Орусия болсо бул жараянды толук көзөмөлгө алып, уюмдун Башмыйзамын иштөөгө кызыкдар.

Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке киришкен мамлекеттердин башчыларынын кезектеги саммити ушул жылдын 15-сентябрында Астанада өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG