Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

“Мамлекеттик наам, сыйлыктар” жөнүндө мыйзам кабыл алынган жок


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын кезектеги отурумунда “Мамлекеттик наам, сыйлыктар” тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Долбоордо ар кандай тармактын өкүлдөрүнө мурдатан берилип келген “Эмгек сиңирген ишмер”, “Эмгек сиңирген кызматкер”, ”Эл жазуучусу” сыяктуу 20дан ашык наамдарды бириктирип, ордуна бир гана “Кыргызстандын эмгек сиңирген ишмери” деген ардактуу наамды берүү жобосу сунушталган. Ошондой эле “Баатыр эне” ордени менен жети баладан көп бала төрөп, баккан энелерди сыйлоо каралган. Палатанын үч комитети сунуштаган бул мыйзам долбооруна көпчүлүк депутаттар каршы чыгып, ал кабыл алынган жок.

Ал эми өткөн жылдын июнь айында палатанын биринчи окуусунан өткөн “Эмгек кодексинин” мыйзам долбоору көпчүлүк депутаттардын добушу менен кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG