Газа секторундагы Рафах качкындар лагерине Израилдин аскерий техникасы менен жоокерлери 18 майда киргизилген эле. Мунун алдында Газа секторунда жасалган кол салуулардан Израилдин 13 аскери мерт болгон.
Бир аптага созулган рейддерден кийин аскерлер менен техника Рафахтан дүйшөмбү күнү чыгарылып кетти. Бирок жөөт коргоо министри Шаул Мофаздын айтымында, алар бул аймакка кайра кайтып келиши мүмкүн. Ал белгилегендей, Израил террор коркунучунан арыла албаса, Рафах качкындар лагериндегидей аракеттер кандайдыр бир мөөнөт менен чектелбейт.
Жөөт бийликтери Рафахтагы операцияны ириде террорчулардын тамырын кыркууга, алар курал-жаракты контрабандалоо үчүн колдонуп келген туннелдерди жабууга багытталган иш-чара катары мүнөздөдү. Жөөт аскерий өкүлдөрүнүн ырастоосунда, армия операциянын учурунда 40тай согушкерди жок кылды, алар колдонуп жүргөн 50дөн ашуун имаратты талкалады.
Ал эми палестин тарап буга кайчы маалыматтарды берүүдө. Алардын эсебинде, алты күнкү операция учурунда 300дөй үй талкаланган. Каза тапкандардын 17си гана курал кармагандардан болсо, 28си жөн –жай адамдар, анын ичинде 12си жаш балдар. Курман болгондордун бир тобунун сөөгү дүйшөмбү күнү Рафахтагы футболдук стадионго көмүлүп, аларды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө миңдеген палестиндер катышты. Анда Израилден өч алуу чакырыктары айтылды.
Эл аралык коомчулук да Израилди операция учурунда жөн–жай адамдардын өмүрүн кыйганы үчүн күнөөлөгөн эле. Атүгүл Израилдин өзүндө да айрым саясатчылар менен маалымат каражаттары тарабынан Рафахтагы операциянын тууралыгынан күмөн санаган пикирлер айтылды. Маселе өткөн аптада БУУнун Коопсуздук Кеңешинде да каралып, анда Израилди айыптаган резолюция кабыл алынды. Документти Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 өлкөнүн АКШдан башка он төртү колдогон болчу. Палестинанын өкүлү Нассер ал-Кидва бул жыйында сүйлөгөн сөзүндө Израилдин аракетин "мамлекеттик террор " катары мүнөздөгөн:
- Бул - террор, мамлекеттик террор. Бул согуш кылмышы жана аны даярдагандар эл аралык мыйзамдарга ылайык жооп бериши керек.
Ал эми Израилдин элчиси Ден Гиллерман болсо Египет менен чектеш жайгашкан Рафах шаарын палестин бийликтери да курал контрабандасынын кан жолу катары пайдаланып жатканына токтолгон:
- Израил Газа секторундагы тозоктун дарбазасында турат. Түштүктөгү Рафах шаарын палестин бийлиги куралды контрабандалоонун кан жолу жана Газа секторуна курал–жарак менен ок –дарыларды ташуунун түйүнү катары колдонууда.
Ал маалымдагандай, быйыл апрель айынан бери эле Израил аскерлери Рафахтын жанынан курал ташуу үчүн колдонулган туннелдерден 8ди, ал эми 2000-жылдын сентябрында, азыркы интифада башталгандан бери 90ду табышкан.
Рафахтагы операциядан мурдараак Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон Газа секторундагы жөөт конуштарын бир тараптуу түрдө жоюу жана бул жерден аскерлерди чыгарып кетүү планынын сунуш кылган эле. Бирок документти жөөт өкмөт башчысы өзү лидерлик кылган, башкаруучу "Ликуд" партиясы четке какканы белгилүү. Эми Шарон пландын жаңыланган долбоорун өкмөткө алдыдагы жекшемби күнү сунуш кылган жатат.
Израилдин маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, жаңыланган планда мурдагыдан айрымаланып, эми жөөт конуштарын этап-этабы менен жоюу каралмакчы. Маселен алгачкы этапта Газа секторундагы азыркы жыйырма бир конуштун үчөөсү гана жоюлат.