Дүйшөмбүдө башталган талкуу маалында БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн элчилери келээрки айда Ирактагы бийликти утурумдук өкмөткө өткөрүп берүү маселесин бекитээрден мурун, ал жердеги коалициялык күчтөрдүн келечегин аныктап алуу керек деген пикирлерин айтышты. Көпчүлүк дипломаттар резолюция долбоорунда Ирактын болочок утурумдук өкмөтү менен ал жердеги АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн мамиле-катышы кандай болоору ачык көрсөтүлгөн эмес деп эсептешет.
Мындай көз караштарды Кошмо Штаттардын Улуттар уюмундагы элчисинин орун басары Жеймс Каннингэм четке какты:
- Эң негизгиси – Ирактагы көп улуттуу күчтөрдүн келечеги, өлкөнүн Конституциясы, бардык саясий маселелер – ирактыктардын өзүлөрүнө өткөрүлүп берилет. Аларга БУУнун Коопсуздук Кеңеши да мындай кылгыла деп көрсөтмө бере албайт, бардыгын Ирактын утурумдук өкмөтү өзү чечет.
Коопсуздук Кеңеши караштырып жаткан жаңы резолоюция долбоорунда Ирактагы коалициялык күчтөрдүн мандатын дагы бир жылга узартуу сунуш кылынып, аны 12 айдан кийин Ирактын утурумдук өкмөтү кайра караштыра алаары кошумчаланган. Ошол эле учурда документте көп улуттуу күчтөр Ирактан качан чыгарылаары, же аларды ким чыгара алаары көрсөтүлгөн эмес.
Ирактын азыркы башкаруучулары өлкөдөгү коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо максатында коалициялык күчтөрдү өлкөдө калтыруу зарыл деп эсептешет. Азыркы тапта Иракта кызмат өтөп жаткан америкалык 138 миңдей жана көп улуттуу 22 миңдей аскерден куралган коалициялык күчтөрдүн алдына алар эң ириде жакынкы келечекте боло турган шайлоолордун коопсуздугун, ошондой эле Бириккен улуттар уюму баштаган эл аралык уюмдардын стабилдүү иштешин камсыздоо милдетин коюуда.
Ошентсе да, айрым дипломаттар талкууланып жаткан резолюция долбоору – Ирактагы бийлик утурумдук өкмөткө өткөндөн кийин да ал жердеги оккупациялык операциялар улантыла берчүдөй таасир калтырат деген пикирде. Кытайдын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Ваң Гуангуа Ирактагы көп улуттуу күчтөрдүн мандаты 12 айдан кийин эмес, андан эрте кайра каралышы керек деп эсептейт:
- Кытайдын көз карашы боюнча ирактыктар бардык маселелерди – саясий, экономикалык, анын ичинде жаратылыш ресурстарын, сот маселелерин, ошондой эле аскердик аракеттерди да башкаруу жагын бүт бойдон өзүлөрүнө алганда гана мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө сөз кылууга болот.
Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү азырынча талкуу башталып гана жатканын, Ирактын тегерегиндеги чоң жылыш – ушул аптанын аягында БУУнун Ирактагы чабарманы Лахдар Брахими – болочок утурумдук өкмөттүн башкы өкүлдөрүн атаганда гана башталаарын эскертип жатышат.
Дүйшөмбүдөгү жыйында Германия, Чили, Алжирдин элчилери – резолюция долбоору – Ирактын болочок суверендүүлүгү үчүн жакшы негиз болуп бере алат, бирок АКШ жетектеген коалициялык күчтөр менен утурумдук өкмөттүн мамилелерин гана так аныктап коюу керек деп билдиришти.
Вашингтондун расмий өкүлдөрү болсо бийлик ирактыктарга өткөрүлүп берилгенден кийин да Ирактагы коалициялык күчтөрдүн ролу таасирдүү бойдон кала берет деген ишеничте.