Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:44

А.АТАМБАЕВДИН ЖАНСАКЧЫСЫ АБАКТА КАТУУ САБАЛДЫ


Ички иштер министрлигинин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси полковник Чыныбек Алиевди атып өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен кармалган Эркин Мамбеталиев тергөө абагында катуу токмок жеп ооруканага түштү. Бул тууралуу 26-майда өткөн маалымат жыйынында кабарланды. Анда күнөөлүү деп шектелген атуулдарды уруп-согуп, кыйнап көрсөтмө алуу убактылуу кармоо жайларында көп кездешери айтылды.

«Форум» өндүрүштүк тобунун жетекчиси, белгилүү саясатчы Алмаз Атамбаевдин жансакчысы Эркин Мамбеталиев 14-майда Ички иштер министрлигинин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевдин атып өлтүрүлүшүнө байланышы бар деген шек менен кармалган. Алмаз Атамбаев Чыныбек Алиевди өлтүргөндөр кармалышына өзү деле кызыкдар экенин айтты:

- Алиевди өлтүргөндөрдүн табылышына мен деле кызыкдармын. Муну кимдир-бирөөнүн мойнуна, анын ичинде мага жүктөп коюшун каалабайм. Бирок азыр тергөө кандай жүрүп жатканын көргөн соң, максат өлтүргөндөрдү табыш эмес, аткардык деп айтыш үчүн айыпты кимдир-бирөөнүн мойнуна илгиси келишкенин сезип, буга кайрылып отурам.

Алмаз Атамбаев беш жылдан бери жанында жүргөн жансакчысы кылмышка тиешеси жок экенин билдирди:

- Мен бу кишинин эч кандай тиешеси жок экенин көрүп турам. Мейли мени жамандашсын, каралашсын, бирок да тиешеси жок кишини эмне кылышса ошо кылышсын деп сырттан байкоочу катары карап тура албайм.

Алмаз Атамбаев элге чындык айтылышы керек деп эсептейт:

- Бизди чындык гана сактай алат. Келемиштер гана караңгыны сүйөт. Ошон үчүн алар «кокуй, журналисттер тоскоол болуп атышат» дешүүдө. Журналисттер күнөөсүз адамды кыйнагандарга тоскоол болушу мүмкүн.

Шектүү деп кармалган Эркин Мамбеталиевдин адвокаты Сергей Манукяндын маалымдашынча, күбөлөрдөн көрсөтмөлөр коркутуу жолу менен алынган:

- Сурактан кийин бир күбөнүн кулагы дулдуюп шишип жүрөт,- деп маалымдады Сергей Манукян.

Окуянын чоо-жайын акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу мындайча баяндады:

- Биздин пикирибиз боюнча, милиция кызматкерлери мыйзамсыз иштерин жашыруу аракетин жасашты. Прокуратура кызматын чакырганыбыздан кийин гана биз палатага кирип сүйлөштүк. «Мынабу издер эмнеден болду?» деп сурадык. Мойнунда муунтуш үчүн кыскан жиптин изи турат. Башы, денесинде кандын тагы бар. Көзү менен бетинин соо жери жок, каны катып калган. Денесинде соо жери жок. Анан сурасак айтып берди, үч күнгө Бишкектеги ИВСтен Сокулуктун РОВДсына алып барып камерага киргизди деп айтты. Ал жерде 7 адам аны өлтүргөнгө аракет кылышканын айтып берди.

Турсунбай Бакир уулу андан ары пикирин мындай деп билдирди:

- Бул маселе боюнча биз актыларды түздүк. Мен жана айткандай, ушул маселе боюнча Башкы прокуратура менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылайын деп атам. Бул фактыны жөн калтырыш керек эмес. Себеби, бул адамдын ордунда өзгөчө шайлоолор жакын болуп атканда ар бир адам болушу мүмкүн. Эгерде адам күнөөлүү болсо аны сот аныкташы керек, сот жазалашы керек. Бирок мына мындай 10 кишини кармап алып, ар бир кишини тепкилеп, муну бири мойнуна алса деген методду мен тааныбайм, буга макул болбойм. Акыйкатчы катарында мен муну башка кесиптештериме жеткирүүгө аракет кылам.

Парламент депутаты Акылбек Жапаров Эркин Мамбеталиев жаткан ооруканага барган. Жабырлануучунун абалы тууралуу ал мындай дейт:

- Акыбалы аябай эле чатак экен. Прокурор менен кирдик. 4 сакчысы жанында турду. Керебетке кишендеп койгон экен. Бетинде тамтыгы жок. Мойнунда эки сыйыртмактын белгилери турат. Төрт сакчынын көзүнчө жараланып аткан жигит Эркин Мамбеталиев өзү мындай деп айтты: «Акыл байке, булар мени өлтүрүүгө камданып турушкан экен. Эгер мен булар менен урушуп, даяр болбогондо мени булар өлтүрмөк экен. Ушундай аракет болду», деп элдин көзүнчө билдирди. Омбудсмен да өзүнүн актысында муну тактап алды.

XS
SM
MD
LG