Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

M.АШЫРКУЛОВ: «МЕН КЫЗМАТТАН «АДИЛЕТ ШАЙЛОО ҮЧҮН» АТУУЛДУК БИРИКМЕСИНЕ КИРГЕНИМ ҮЧҮН БОШОТУЛДУМ»


Мисир Ашыркулов «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмеге кирип, анын координациялык кеңешинин төрагалыгына шайлангандан кийин президенттин жардыгы менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду. Буга эмне себеп болду жана атуулдук жаңы бирикменин алдыга коюп жаткан максаттары кандай? Мына ушундай суроолордун айланасында Мисир Ашыркуловдон кабарчыбыз интервью алган эле.

- Мисир мырза, сиздин Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан алынышыңызга эмне себеп болду деген ойдосуз?

- Буга бир эле себеп. Ал - атуулдук жаңы бирикмени башкарууга киришкеним себеп болду деген ойдомун. Бирок бир жагынан бул мен үчүн жакшы болду. Себеби, бул кыймылга толук мүмкүнчүлүгүмдү жумшаганга убакыт көбүрөөк болот. Кыймылды элге жеткирүү үчүн бир топ күчтү жана каражатты жумшоо керек. Ошон үчүн бир жактуу иштегеним жакшы болот.

- Президенттин мындай чечими сиз үчүн күтүүсүз болдубу?

- Жок, мындай чечим мен үчүн күтүүсүз болгон жок. Мен ага даяр болчумун. Анткени, мен кыймылга өзүм ойлонуп туруп кирип, ушундай чечимге баргам.

- «Адилет шайлоо үчүн» деген атуулдук бирикме түзүлгөндөн кийин көпчүлүк саясатчылар сиз бийлик, оппозиция жана башка саясий күчтөрдүн ортосунда көпүрө болуп жатат, бирок ал президент жана башка күчтөр менен кеңешип, макулдашылган иш деген ойлорун айтышты. Мындай ойлордун негизи барбы?

- Бул менин өзүмдүн жеке чечимим. Мен чынында эле көпүрө болом деп ойлогом. Азыр деле бийлик жана оппозициянын ортосунда көпүрө болууга даярмын. Биздин ишибизди мен адилет иш деп ойлойм. Кыргызстандын ар бир атуулу шайлоо адилет, ачык өтүп, парламентке кыргыздын татыктуу уул-кыздары келсин деп ойлойт болуш керек жана ага эч ким каршы болбойт деген ойдомун.

- Сиз өткөндө маалымат жыйынында «Президент деле шайлоонун адилет өтүшүн каалайт» деп айткансыз. Анан эмне үчүн сиз кызматтан алынып калдыңыз?

- Бул суроону президенттин өзүнө берсеңиз туура болмок…Бирок мен деле ошондой ойлогом. Эми ал жакта бөлөкчө ойлогондор бар болсо, алардын өз абийиринде…

- Ал эми «Адилет шайлоо үчүн» бирикмеси кандай аракеттерди жасайт деген түпөйүл суроо бар. Себеби, буга чейин мындай максатты көздөгөн көптөгөн бирикмелер болгон, бирок алардын аракеттери ишке ашпай келет. Эми силердин максат ишке ашат деген ишеним барбы?

- Ооба, бул сурооңуз абдан туура. Мындай көп кыймылдар түзүлгөн. Бирок аларды иликтеп көрсөңүздөр, алардын баары бир жактуу болуп, жалаң оппозициянын же башка бир тараптуу көз караштагы топтордун өкүлдөрүнөн болушкан. Азыркыдай оппозициянын жана ага каршы тараптардын башын кошкон кыймыл болгон эмес. Биерде бардык тараптардын өкүлдөрү, депутаттар, республикага көрүнүп-таанылып калган Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов, Алмаз Атамбаевдей жаш саясатчы жигиттер кошулуп жатат. Бул жерден биздин аракетибиз текке кетпейт го. Шайлоо алдында элге өз укугун толук түшүндүрүп, Шайлоо кодекси тууралуу кеңири маалымат берип, ачык шайлоо өткөрүп, татыктуу уул-кыздарды алып келсек, анда биздин милдетибиз аткарылат. Ошого бүт күч-аракетибизди жумшайбыз. Бизди колдогон адамдар, уюмдар көп экен. Ошого мен абдан ыраазы болуп отурам.

- Мүмкүн болсо ошолордун атын атай кетесизби?

- Эми алардын атын атоо эртелик кылат. Анын үстүнө алардын арасында эл аралык уюмдар бар. Алар бул кыймыл жакшы түзүлдү, ага бардык жагынан жардам беребиз деп жатышат.

- Эгер бул жетилик эл аралык уюмдардан, республикалык саясий күчтөрдөн колдоо таппаса жана саясатчылар ушул бирикменин айланасына баш кошпосо, анда бул уюм жакын арада эле аракетин токтотуп коёт деген ой коомдо басымдуу болуп турат…

- Биздин эң биринчи ишенгенибиз –элдин колдоосу. Кудайга шүгүр, эл азыр өз укугун жакшы билип калыптыр. Бизге эң биринчи орунда элдин колдоосу турат. Албетте, айрым атуулдардын колдоосу да керек, бирок бизге эң ириде элдин колдоосу башкы көмөкчү болот.

- Анткен менен эл арасында сизге ишеним азыраак болуп жатат, мен муну журналист катары элдин пикирин билдирип жатам. Себеп дегенде Акаев менен Ашыркулов 15 жылдан бери коюн-колтук алышып жүргөн адамдар, кандай учур болсун болсо да алар бири-бирин эч качан сатпайт. Ошондуктан, Ашыркулов дагы эле мамлекет башында турган адамдын куралы болуп калышы мүмкүн деген ойлор айтылып жатат. Буга кандай дейсиз?

- Албетте, эл ошентип күмөн санашы мүмкүн. Мен президент Акаев менен 40 жылдан ашуун мезгилден бери жакшы таанышмын. Эл эмес, мен деле Акаев менен кээ бир саясий көз караштарыбыз туура келбей калса да, адамгерчилик мамилебиз дайыма сакталып кала берет деп ойлоп жатам. Андан тышкары, экөөбүз тең саясаттан кетип, кийин эс алып отурганда көп нерселерди ага айтып берет элем деп ойлонуп жатам. Анан экөөбүз отуруп алып күлүп, кандай шартта ким туура жасаган, ким туура эмес жасагандыгын талкуулай турган учур келет деп ишенип турам.

- Ал эми айрым байкоочулар «республикадагы саясий күчтөр менен саясатчыларды алсыздандыруу үчүн ушул бирикмени уюштурууну ойлоп тапты» деген пикирде. Буга бере турган жообуңуз кандай?

- Түк туура эмес ой. Бул - кээ бир саясатчылардын жеке ишеними. Мен патриот катары шайлоо адилет, таза өтсүн, элдин каны төгүлүп кетпесе экен деген ой менен келсем эле булар кошулду. Мен буга чейин деле бардык күчтөрдүн башын кошкон жана эл ишене турган кыймыл түзсөк, эл шайлоого ишенсе деп ойлонуп жүргөм. Азыр эл сотторго да ишенбейт, ал тууралуу мага абдан көп кагаздар келет. Ал эми эмки шайлоо өтө катуу болот. Мен округдарды иликтеп көрдүм, бир округдан эле ондон кем эмес талапкерлер чыгып, даярданып жатышат. Алардын арасында акчанын күчү менен жана мыйзамды бузуппу, кандай жол менен болсо да депутат болушум керек дегендер болуп жатат. Биз ошондойлорго жол бербешибиз керек.

- Жол бербөөнүн кандай механизмдерин ойлоп таап жатасыздар?

- Жол бербөөнүн башкы механизми - элдин түшүнүгү. Биз элдин укугун түшүндүрүшүбүз керек. Азыр шайлоо мурункудай болбойт. Азыр добуш берүү ачык болот, добуш сала турган жащиги айнектен жасалып, үч тарабы ачык болот. Добуш берип жатканда байкоочулар мурункудай алыстан туруп карабайт. Эгер бирөөнүн байкоочусу ишенбей турган болсо, бюллетендерди кайра санатууга укугу бар. Мурун аларды 10 метр алыс жерге тургузуп жолотушпай, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү өзүлөрү шайлап, өзүлөрү эсептеп, керектүү санды протоколго жазып жиберишчү. Эми мындай болбойт. Бул албетте, депутаттардын киргизген салымы. Буга президент макул болуп, Шайлоо кодексине кол коюп берген.

- Ал Шайлоо кодексине жазылган жобо, ал эми анын баарын ишке ашыруучу шайлоочулар менен эл да. Эл арасында административдик бийликтин басымы абдан күчтүү. Ага каршы кантип күрөшөсүздөр?

- Мен кээ бир губернатор жана акимдер менен сүйлөштүм. Көпчүлүгү азыр ачык, таза шайлоого барууга даяр болуп калыптыр. Мурункудай административдик ресурстарды колдогонго жол берилбейт, муну алар түшүнүп жатышат. Мени дагы бир нерсе тынчсыздандырууда. Ал парламент бир гана улуттан жана жалаң эркектерден туруп калбасын деген ой. Парламентке татыктуу кыздарыбыз кирбей калса биз үчүн абдан кейиштүү болот. Ошого биз жол бербешибиз керек.

- Ал эми айрым саясатчылар президент Акаев сизди күтүүсүз жерден мураскор деп атап коюушу мүмкүн деп айтып жатышат?

- Бул суроону президенттин өзүнө бериш керек. Мен жалгыз эле мен татыктуумун деп ойлобойм. Мен президенттин кызматынын жүгүнүн кандай оор экендигин жакшы түшүнөм. Менден татыктуу, азыр жаш, 35-40 жаштардагы балдар менен сүйлөшүп жүрөм. Мисалга алсак, «Бител» компаниясынын президенти Турдукуловдун бир жолу эле доклад жасаганын угуп туруп, абдан бышкан жакшы менеджер экен деген ойдо калгам. Болот Марипов деген жигит менен да сүйлөшүп жүрөм. Байгуттиев деген жигиттин жазгандарын окуп жүрөм. Мына ушундай жигиттер парламентке, президентке келсе, реформаны тезирээк жүргүзүп жиберет деген ойдомун.

- Сиздер республикадагы көрүнүктүү саясатчылардын башын бириктирдиңиздер, бирок эмне үчүн башка катмардагы саясатчылардын колдоосун таппай жатасыздар? Буга эмне себеп?

- Азыр бизди колдойбуз дегендер абдан көп. Ак үйдөгүлөрдүн ичинде деле муну туура түшүнгөндөр, туура ой жүгүрткөндөр бар. Мен ошон үчүн ушул кыймылдын келечеги жакшы деген ишенимдемин.

XS
SM
MD
LG