Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

КЫЛМЫШТУУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШ ЖАРЫЯЛАНГАНЫ МЕНЕН АНЫН НАТЫЙЖАСЫ АЗ


Кийинки кездерде Кыргызстанда криминалдык жагдай курчуп кеткени, ага каршы турууга ички иштер министрлигинин чама-чаркы жетпей жаткандыгы арбын айтылууда. Эларалык уюмдардын ички иштер кызматын реформалоо аракетинен азырынча алгылыктуу натыйжа чыга элек. Реформанын түпкү максаты системаны жаңылоо, анын ишин коомчулуктун көзөмөлүндө кармоо аракетине байланышат.

Адистердин ырасташынча, кылмыштуулуктун күчөп кетишинин себеп-жөнү биртоп жагдайлардан улам чыгууда. Ириде экономикалык оорчулук, өлкөнү туташ каптаган коррупция ички иштер системасын кыйгап өтүшү мүмкүн эмес эле. Парламент депутаты Алымбай Султанов ички иштер кызматында өз ишине тың, мыйзамды бекем сактаган, кесиптик кадыр-баркын бийик көтөргөн азаматтар көп дейт:

- Көпчүлүк милиция кызматкерлери таза, чын, акыйкатчылык менен эл деп кызмат кылган жигиттерибиз бар. Өтө оор кылмыштардын бети ачылбай калып атат.

Ички иштер кызматынын иши мындан эки жыл илгери Аксы окуясынан кийин коомчулуктун катаң сынына туш келген. Мыйзамдуу укугун пайдаланган калкына каршы ок аткандардын артында мамлекеттик бийликтин өзү тургандыгы, мындай шартта окуяга калыс баа берилип, күнөөлүүлөр жазага алынышы күмөндүү экени ошондо эле айтылган.

Бул ирет ички иштер системасы кризиске капталганы парламент жыйынында козголуп, бирок да буга чейин болуп келгендей, министрликтин ишине принципиалдуу баа берилбей калды. Депутаттардын бир даары олуттуу маселени так чечпей арасат калтырышты.

- Ушуга карата мамлекеттин жетекчилери эч кандай чечим кабыл албаганына мен таң калам, - дейт Алымбай Султанов. – Булар, мен билбей атам, бир кишиге ишенип атат. Ички иштер министрлигинин коллективи мамлекет, өкмөт башчысынын, өздөрүнүн министринин да буйругун аткарбайт. Ошол абалга алып келип койгон. Алмай-жулмай, чогултмай. Мындай балакетти биз көргөн эмеспиз.

Министрликтин кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчисинин киши колдуу болуп өлтүрүлүшүн айрым маалымат каражаттары кылмыштуулуктун ички иштер кызматына таштаган чакырыгы катары сыпатташты. Арадан аз убакыт өтпөй кылмышка шектүү делгендердин биртобу кармалып, кылмышкерлер минген машине табылганын министр Бакирдин Субанбеков 15-майда эле улуттук телекөрсөтүү аркылуу жалпыга жарыя кылган:

- Мына жакында эле шектүү бир нече топтор кармалды. Азыр иликтөө иштери жүрүп атат. Кылмышкерлер минип бараткан машинаны көптөн бери табалбай жаттык эле. Мына бүгүн ошол автомашина да табылды.

Алмаз Атамбаевдин жансакчысы, шектүү деп кармалган Эркин Мамбеталиевге кандай кордук көрсөтүшкөнүн парламент депутаты Акылбек Жапаров журналисттерге айтып берди:

- ИВС начальниги «сабалгандар жок, биз келип көрөбүз, чечиндиребиз. Сабадыбы-жокпу, ошонун баарын айтабыз» деди. Өткөндө Алымбай Султанов бул оор суроолордун баарын тең бекеринен алып чыкпаган экен деп атам. Президент муну операция жолу менен гана тазалап чыкпаса, бул криминал менен сүйлөшүүгө барган милиция мындан ары элди коргоочу милиция деген атты алып жүрүүгө татыктуу эмес деп ойлойм. Ошондон мен ойлоп атам, жакын арада президент өзү чечим албаса Кыргызстандын туруктуулугуна, эгемендигине сокку бере турган орган пайда болуп калыптыр дедим. Кишилердин күнөөсү барбы-жокпу, сабап мойнуна алдырыш эң жаман көрсөткүч деп ойлойм.

Парламент мүчөлөрү ички иштер кызматын жаңылоо, аны кардиналдуу өзгөртүү милдетин президент өзүнө алыш керектигин айтышат. Президент тарабынан азырынча андай ишара жасала элек.

XS
SM
MD
LG