Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

АКШнын ЕВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНДАГЫ ЭЛЧИСИ КЫРГЫЗСТАНДА


26-27-майда Америка Кошмо Штаттарынын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы элчиси Стефан Миникес Кыргызстанда ырасмий сапар менен болду. Ал өкмөттүн, парламенттин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, өлкөдөгү саясий жагдайды, алдыдагы шайлоолор жана адам укуктары маселелерин талкуулады. Стефан Миникестин айтымында, Кыргыз бийлигинин демократиялык баалуулуктарды канчалык деңгээлде сактап жатканын алдыдагы шайлоолор көрсөтмөкчү.

Кошмо Штаттардын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы элчиси Стефан Миникестин бул – Кыргызстандагы экинчи сапары. Ал журналисттерге берген интервьюсунда эки күндүн аралыгында жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана саясатчылар менен жолукканын билдирди.

- Мага кыргызстандыктар «өлкөнүн келечегине ишенбей калдык, анткени бийликке ишенбейбиз» деп билдиришти. Өкмөт өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эле иштебей, элге кызмат кылышы керек, - деди Стеван Миникес.

«АКШнын уюмдагы элчиси катары мен дагы, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг дагы кыргызстандыктардын өлкөнүн келечегине ишенимин калыбына келтирүү үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз», деп кошумчалады ал.

Кыргыз бийлигинин демократиялык баалуулуктарга канчалык деңгээлде кызмат кылып жатканын алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоорлордун кандай өтөөрү көрсөтмөкчү:

- Ачык жана адилет шайлоо өткөрүш үчүн шайлоого чейин жана добуш берүүнүн өзүндө баардыгын жасаш керек. Башкача айтканда оппозициянын өз ой-пикирлерин массалык маалымат каражаттарында ачык жана эркин айтышына шарт түзүү зарыл. Маселе добуш берүүнүн өзүнүн кандай өткөнүндө эле эмес, маселе – шайлоо алдындагы жарыштан тартып, добуш саноого чейинки иштердин адилет жүргүзүлгөнүндө, - деди элчи мырза.

Бул жерден Стефан Миникес Кыргызстанды көлгө салыштырды. Эгер көлдүн суусу ага куйган дарыя-өзөндөрдүн жардамы менен жаңырып турбаса көл бир күнү соолуп, сазга айланышы ыктымал. Алыдагы шайлоолор Кыргызстанга дарыя-өзөн катары кызмат кылышы керек - бийликке жаңы адамдар келсин.

Шайлоолордун кандай деңгээлде өтөөрү кыргыз бийлигинин уюм алдында алган милдеттерин кандай аткарып жатканынын деңгээлин көрсөтөт. Башкача айтканда , чындыгында эле Кыргызстан демократиялык өнүгүүлөр жаатында ийгиликтерге жетише алдыбы деген суроого шайлоолор жооп бермекчи:

- Дагы көп нерсе жасоо керек. Бирок буга чейин аткарылган иштерди да айтпай коюуга болбойт. Бирок алдыдагы шайлоолор Кыргызстандын уюм алдында алган милдеттерин кандай аткарып жатканынын көрсөткүчү болуп эсептелет. Башкача айтканда, сөз эркиндигин жана адилет шайлоону камсыз кылуу боюнча уюмдун принциптерин кандай аткараары көрүнөт.

Алдыдагы шайлоолорго даярдык маселеси Стефан Миникес менен Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Сулайман Иманбаевдин 26-майдагы жолугушуусунда да талкууланды. Иманбаев элчиге бейөкмөт уюмдардын, эларалык коомчулуктун жана саясий партиялардын өкүлдөрү алдыдагы шайлоолорго байкоочу катары катышып, анын адилет өтүшүнө көмөктөшүүгө баардык шарттар түзүлөт деген убада берген.

27-майда Миникес бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугуп, саясий кырдаалды талкуулашты. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов элчи аркылуу ЕККУга жана Кошмо Штаттардын алдына кандай суроо-талаптарды койгонун мындай деп билдирди:

- Биз элчи менен жолуккан учурда уюмдун Кыргызстанда демократия орнотуудагы маанилүү ролун талкууладык. АКШнын өкүмөтү шайлоого чейин эле күндөн күнгө курчуп бараткан окуяларга кайдыгер карабай, демилгени колго алышын белгиледик. Акыркы 15 жылда АКШ өкмөтү, ЕККУ жасаган иш-аракеттери, кошкон салымдары бир шайлоодо жуулуп кетпешин айттык.

XS
SM
MD
LG