Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

ООГАНСТАНДА ШАЙЛОО ТЫНЧ ӨТӨТ ДЕП ЭЧ КИМ КЕПИЛ БОЛО АЛБАЙТ


Бириккен улуттар уюмунун Кабулдагы атайын өкүлү Ооганстанда күзгө белгиленген шайлоого даярдык бир топ кооптуу шарттарда өтүп жатканын билдирди. Бүткүл элдик шайлоо алдында бул өлкөдө дагы эле болсо террорчулук, улуттар жана уруулар аралык касташуу, кылмыштуулук тизгинин тарткан жок, деп белгиледи Улуттар уюмунун Ооганстандагы өкүлү.

Бириккен улуттар уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлү Жан Арно бейшембиде Коопсуздук Кеңешинде чыгып сүйлөп, күздө өтө турган шайлоо маалында коопсуздукту камсыздаш үчүн өлкөгө дагы кошумча чет өлкөлүк аскерлерди жайгаштыруу зарыл деп белгиледи:

- Шайлоонун тынч өтүшүн, террорчулук, маңзаттар аткезчилигин алабызбы – Ооганстандагы жалпы коопсуздук менен бейпилдикти камсыздоо максатын көздөгөн көп улуттуу күчтөр азырынча жеңиш менен утулуштун ортосунда ара жолдо турушат.

Ушул аптанын башында НАТОнун парламенттик ассамблея мүчөсү - НАТО Ооганстандагы күчтөрүн дагы кеминде 3000дей аскер менен бекемдебесе, күздөгү шайлоодо жалаң талаа командирлери менен маңзаттар аткезчилери жеңет деген пикирин айткан.

Пакистандын БУУдагы элчиси Мунир Акрам Ооганстандагы шайлоону эч кимге залал келтирбей тынч өткөрүш үчүн кеминде 25 миңдей аскерди күзөткө коюу керек деп эсептейт:

- Ооганстан боюнча жаңы долбоор азыр акырындап ордунан жылып баратат, тараптар өз ара бир орток пикир табуу жолунда, бирок кайсы чечим туура деп сынаганга азыр убакыт жок. Ошондуктан биз Ооганстандагы коопсуздукту камсыздай ала турган жетиштүү сандагы аскерлер бөлүштүрүлөт деп үмүттөнөбүз.

Азыркы тапта Ооганстанда НАТОнун 6,5 миңдей аскери башкалаа Кабул жана анын тегерегиндеги аймактарда кызмат өтөп жатат. Түндүк атлантикалык альянс ал жердеги күчтөрүн бир аз кеңейтүү тууралуу чечим кабыл алган. Бирок ал чечим кабыл алынган өткөн октябрь айынан бери саналуу гана өлкө өз аскерлерин Ооганстанга жөнөтүүгө макул болушту.

Байкоочулар – маселе эмки айда Стамбулда өтө турган НАТОнун саммитинде талкууга алынып, бир жактуу чечилээрин айтып жатышат.

Ага чейин БУУнун Кабулдагы өкүлү Жан Арно, башында айтылгандай, шайлоого чейин Ооганстандагы мыйзамсыз согушчан топторду, талиб жоокерлеринин калдыктарын куралсыздандырып, өлкөдөгү коопсуздукту чыңдоо багытында олуттуу иш-чаралар көрүлүшү керектигине көңүл бурду. Улуттар уюмунун өкүлүнүн пикири боюнча, Ооган өкмөтү буга чейин борбордук бийликке баш ийбеген жергиликтүү аскер башчыларынын отряддарынын 40% да куралсыздандыра алган жок.

Ооганстандын ар башка региондорунда кол башчылык кылган талаа командирлери болсо президент Карзай башында турган өкмөттүн өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоого кудурети жетпей жаткандыктан, өз аскердик отряддарын таратып, куралдарын өткөрүп берүүдөн карманып жатканын айтышат.

Бул күндөрү Ооганстанда шайлоочуларды каттоо жараяны жүрүп жатат, байкоочулар азырынча өлкөдөгү 10 миллиондой шайлоочунун төрттөн биринен көбүрөөгү гана каттоодон өткөнүн маалымдашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG