Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

"АЛ-КАИДА" АЛДАН ТАЙГАН ЖОК


Британиянын абройлуу аналитикалык борборлорунун бири – Эл аралык стратегиялык изилдөө институтунун жаңы отчётунда АКШ баштаган Ирак согушу “Ал-Каида” террордук уюшмасын алсыздандырмак турсун, тескерисинче, анын гүлдөп өсүүсүнө түрткү берди деп ырастайт. Топ массалык кыргын салуучу куралга жетүүнү да көздөйт деп эсептейт британиялык аналиктер.

Эл аралык институттун аныктамасында, "Ал-Каида" өз структураларын калыбына келтирип, эми АКШ менен анын европалык союздаштарына сокку урууга камданып жатат. Террористтер жаңы жана эффективдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу массалык кыргын салуучу куралга ээ болууну да максат кылып койгон.

Өзүнүн жылдык баяндамасында "Ал-Каиданын" жаңы масштабдуу пландары даярдалып жаткан кезде, террористтер АКШ, Европа жана Израилде кол салууларын ишке ашырып, Ирактагы козголоңчуларга жардам берүү менен эле чектелүүдө деп жазылат.

Уюмдун катары улам жаңы мүчөлөр менен толуктанууда. Азыр алардын саны 18 миңге жетиши ыктымал. "Ал-Каиданын" жогорку жеткечилигин түзгөн террористтердин жарымындайы жок кылынып же колго түшүрүлгөнү менен, уюмдун орто звенодогу башчылары натыйжалуу иш алып барышат. Номур биринчи террорист деп атыккан Усама Бин Ладен да боштондукта экенин унутпаш керек. Анын харизматикалык фигурасы жаш террористтерге чоң таасир этет.

"Ал-Каиданын" кеңейип, кайра жаралуусуна, бир четинен, Ирактын оккупациясы түрктү берди. Вашингтон администрациясы 11-сентябр окуялары АКШнын кансыз согуштан кийин башталган үстөмдүгүнө каршы реакция болгонун түшүнө албай жатат.

Америка баштаган Ирак согушу АКШнын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык позициясын бекемдөөгө багытталган. "Бул өз кезегинде "Ал-Каиданын" мусулман дүйнөсүн Американын таасиринен бошотуу аракеттерине карама-каршы келүүдө”, - деп ырасташат британиялык аналитиктер.

Эл аралык стратегиялык институт жарыялаган соңку отчёттун редактору Жонатан Стивенсон минтип комментариялайт:

- Жаңжал АКШнын араб, жалпы мусулман дүйнөсүндөгү аскерий гана эмес, саясий таасирин да күчөттү.

Ал эми "Ал-Каидага" 18 миңдей киши мүчөлүк кылат деген маалымат кайдан алынган:

- Бул көрсөткүч АКШнын чалгындоо кызматтарынын маалыматтарына негизделген. 1996-2001-жылдардын аралыгында Ооганстанга 20 миңдей жихадчы агылган деп болжолдонгон. Согушчандар талиптер менен "ал-Каиданын" атайын лагерлеринде машыктырлып, алардын доктриналарына сугарылган,- деп түшүндүрөт Жонатан Стивенсон.

Ал эми 11-сентябрдан бери, өзгөчө Ооганстандагы согуш маалында 2 миңге жакын террорист жок кылынган. Ошентип, учурда "Ал-Каиданын" мүчөлөрү 18 миңдин айланасында деп болжолдоого негиз бар.
Документте бир маанилүү нерсеге көңүл бурулат. Тактап айтканда, "Ал-Каида" атомдук, биологиялык же химиялык куралга ээ болууга кызыкдар.

Массалык кыргын салуучу курал боюнча эксперт Жон Элдридж ошондой курал террористтердин колуна оңой эле түшүшү мүмкүн дейт. Бирок ошондой ыктымалдык гана аларга чоң көзүр болуп бере алат:

- Массалык кыргын салуучу курал жөнүндө сөз кылуунун өзү эле жалпы журтчулукту бейпайга салат. Коркуу, ишенбөөчүлүк сезими пайда боло баштайт. Демек, террористтер эч нерсе жасабай туруп эле, кандайдыр бир деңгээлде өз максатына жетишет.

Жалпылап айтканда, британиялык институттун изилдөөсүндө айтылгандарга кээ бир башка аналитиктер да кошулат. Алардын бирөө дублиндик Шон Бойн:

- "Ал-Каида" өзүнүн терракттарын мыкты координациялап турууга кудуреттүү. Муну Мадриддеги, 11-сентябрдагы, Африкада жайгашкан бир катар элчиликтердеги жардыруулар жакшы айгинелейт.

XS
SM
MD
LG