Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ ЖУРНАЛИСТТЕРДИН МААЛЫМАТ АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жалалабаддагы журналисттердин облустагы укук коргоо уюмдарынан маалымат алышы өтө кыйын. Калемгерлер менен бийлик, ички иштер, прокуратура уюмдарынын жетекчилеринин жакында өткөн "тегерек үстөлүндө" кемчилик эки тарапта тең бар экени, жергиликтүү журналисттер маанилүү окуяларга кызыгышпай, аны борбордон кийин билээри айтылды.

Облуста маанилүү окуялар көп. Жергиликтүү калемгерлер чамасы чакталуулугунан же адистик тажрыйбасы аздыгынан аны коомчулукка убагында жеткире албай, акыркы маалыматтарды борбордук кесиптештеринен билген учурлар аз эмес. Жаңгак уюлун уурдоо, жаш балдарды мыкаачылык менен өлтүрүү, Майлуусуу шаар башчысына байланыштуу окуя, Алабука, Сузак аймагындагы жер бөлүштүрүү маселелери алардын көңүл сыртында калды. Облус прокурору Кубат Кожоналиев ушундай оюн билдирүү менен журналисттердин маалымат алуу дооматына төмөнкүдөй жооп узатты:

- Прокуратурадан маалымат алууда профессионалдык ишке байланыштуу чектөөлөр бар. Кылмыш ишин козгоодо, аны тергеп, сотко жеткирүүдө айрым этият болчу жагдайлар бар. Соттун чечими же өкүмү чыкмайын адам айыптуу болбойт. Ага чейин айрым маалыматтарды бере албайбыз.

Облустук ички иштер башкармасынын орун басары Рысбек Алимбековдун ою боюнча, маалымат алууда журналист маселени туура коё билүүгө үйрөнүшү керек:

-Журналисттин тийиштүү маалымат алышы биздин ишибизде белгилүү мыйзам актылары, көрсөтмөлөр менен регламенттелет. Кээ бир маалыматтарды берип, айрымдарын бере албайбыз. Ал журналисттердин кызыккан маселесин тартип сакчыларына түшүндүрүүсүнө, техникалык себептерге байланыштуу болот.

Оштогу маалымат каражаттарын колдоо борборунун байкоочусу Алмаз Исмановдун пикири боюнча, жалалабаддык журналисттердин маалымат алуу укугу чектелүү. Сатылган гезиттердин акчасы редакцияларга өз убагында кайтарылбагандыктан окурмандардын укугу да басмырланат:

- Милиция, сот, прокуратура органдарынан маалымат алууда көп тоскоолдуктар бар. Сатылган гезиттеринин акчасы өз убагында редакцияга жетпей, каражаты жоктугунан «Фергана» газетасынын өзбекче тиркемеси жабылып, кыргызчасы убагында чыкпай, журналисттер айлыгын ала албай олтурушат. Финансы кыйынчылыгынан улам окурмандар да гезитти өз учурунда ала албай, алардын да укуктары чектелүүдө.
XS
SM
MD
LG