Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

ИШКЕРЛИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ЧЕХИЯДА ӨТӨТ


Сапар Орозбаков, Прага Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму 31-майдан 4-июнга чейин Чехиянын борбору Прагада ишкерликти өнүктүрүү боюнча 5 күндүк конференция өткөрөт. Бул экономикалык форумга Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн өкмөт мүчөлөрү, ишкерлер, атуулдук коомдун өкүлдөрү жана окумуштуулар чакырылган. Форумдун максаты – ишкерликке зарыл болгон шарттарды аныктап, аны түзүүнүн жолдорун үйрөтүү.

Үй куруу оңой иш эмес экендигин баары жакшы билишет. Ал үчүн жыгач, топурак, таш жана башка көп материалдар керек. Кирпичти кынап, эшик-терезелерин койгондой жумушчулар зарыл. Үй кулап кетпес үчүн бекем фундамент да салуу башкы маселе. Ишкерлик деле ошондой. Ишкерликке зарыл шарттардын бирөөсү эле болбой калса, ал өнүкпөйт. Чехиянын борбору Прагада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өткөрө турган экономикалык форумда ишкерликке зарыл шарттарды кантип түзүү керек экендиги тууралуу сөз болот.

- Бул конференция жалаң эле өкмөттө иштеген чиновниктер үчүн өткөрүлбөйт. Биз ага регионалдык жана эл аралык уюмдарды да чакырдык. Чакырылгандардын арасында ишкерлер чөйрөсүнүн жана атуулдук коомдордун өкүлдөрү жана окумуштуулар да бар. Анткени Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму бул ишке катышы барлардын баары бири бири менен кызматташса гана, иш жакшы жүрөрүнө ишенет, –деди Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун экономисти Габриэл Леонт.

Прагада боло турган форумда экономикалык өнүгүүнүн институционалдык жана адамдык негиздерине көп көңүл бөлүнөт. Башкача айтканда форумда ишкерликтин өнүгүшүнө зарыл мыйзамдар аныкталып, адамдарды, өзгөчө жаштарды, ишкерликке үйрөтүү маселеси каралат.

ЕККУ бул форумду өткөрүп, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн көңүлүн чакан жана орто бизнестин көп сандаган маселелерине да бургусу келет. Ал менчик, анын ичинде жерге менчик, ошондой эле салык боюнча мыйзамдар жана жоболор так жана жөнөкөй жазылып, ишкерлерге түшүнүктүү болуш керек деп эсептейт. Тилекке каршы, инвесторлордун билдиришинче, Борбор Азия өлкөлөрүндө абал андай эмес.

- Статистикалык маалыматтардын баары Борбор Азия ишкерликке жана инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү багытында дагы көп иш жасаш керек экендигин көрсөтүп жатат, – дейт Габриэл Леонт.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму ишкерликти өнүктүрүүдө инфрастуктуранын мааниси зор экендигин белгилейт. Ишкерлер өзүнө зарыл каржыны кыйналбай, тез алгыдай болуш керек. Кредиттер жакшы кайтарылбагандыктан, Борбор Азиядагы банктар аларга чакан кредит берүүдөн качышат. ЕККУ буга байланыштуу Казакстандын микрокредит берүү тажрыйбасын жайылтууну көздөйт.

Уюм Армениянын соода палатасынын да тажрыйбасы пайдалуу деп эсептейт. Армениянын соода палатасы эл аралык соода палатасынын жардамы менен өзүнүн мүчөлөрүнө кызмат көрсөтүүнү, мисалы, аларды маалымат менен камсыз кылууну бир топ жакшырткан.
ЕККУ ишкерликке жаштарды көбүрөөк тартуу зарыл деп эсептеп, алар үчүн атайын семиналарды өткөрүү максатка ылайык экендигин белгилейт. Мындай семинарлар, анын билдиришинче, Тажикстанда өткөрүлүп, жакшы натыйжа берип жатат.

Прагада өткөрүлүп жаткан экономикалык форум регионалдык кызматташуу маселесин да көтөрмөкчү. ЕККУнун экономисти Габриэл Леонт коопсуздукту камсыз кылуу маселесинин экономикалык өнүгүү менен байланышы бар экендигин айтат:

- ЕККУ - өнүгүү боюнча агенттик эмес. Биз коопсуздукту камсыз кылуу уюмубуз. Биз, кеңири планда алып караганда, экономикалык өнүгүү жаатындагы кемчиликтер коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептейбиз. Ошондуктан биз өлкөлөр бул багытта ийгиликке жетиши үчүн өкмөттөр, атуулдук коомдор жана эл аралык уюмдар менен иштеше баштадык.

Экономикалык форум дүйшөмбү күнү башталып, 5 күнгө созулат.

XS
SM
MD
LG