Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

АКШ-ИЗРАИЛ ДОСТУГУНУН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ


Израил мамлекети 1948-жылы түзүлгөндөн бери АКШ ага ар тараптуу колдоо көрсөтүп келатат. Айрыкча коңшулаш араб мамлекеттери менен уруш-чатактарда да Израилге жардам берип келаткан Вашингтон ал саясатын азыр да, Израил өкмөтү палестин аймактарындагы аскердик операциялары үчүн эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылган чакта да улантууда. Мындай жакындыктын, бекем байланыштын сыры эмнеде?

Өткөн аптада Вашингтондогу Америка-Израил коомдук байланыштары комитетинде сүйлөгөн сөзүндө президент Жорж Буш Израилдин саясатына, анын ичинде палестиндердин боштондук кыймылына каршы аракеттерине да колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

- Кошмо Штаттар, ошондой эле мен өзүм Израилдин коопсуздугун бекемдөө аракетин көрмөкчүбүз. Израил – демократиялуу өлкө катары биздин досубуз жана ал террорчулуктан коргонууга толук укукту.

Андан ары Жорж Буш Америка палестиндердин көз карандысыз мамлекет түзүү ниетин колдой турганын кошумчалады. Бирок, байкоочулар тең салмактуулук үчүн айтылган бул сөздөр да Буштун Израилге артыкчылык берген саясатын жашыра алган жок деген пикирде.

АКШнын Израилди бекем колдогон саясаты кечээ жакында башталган жок. Расмий маалыматтар боюнча, Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинде акыркы 30 жыл ичинде Америка каршы чыгып, өтпөй калган резолюциялардын жарымына жакыны Израилди эл аралык катаал чечимдерден коргоп калган. Кошмо Штаттардын тышкы мамилелер боюнча Кеңешинин маалыматына ылайык, көп жылдардан бери Израил Америкадан эң ири жардам алган мамлекет статусун сактап келатат. Маселен, былтыр АКШ Израилге 2 млрд 100 млн долларлык аскердик жардам жана 600 млн долларлык экономикалык колдоо көрсөткөн.

Мындай өтө тыгыз өнөктөштүк менен кыйбастыктын сыры эмнеде? – деген суроо менен "Азаттыктын" кабарчысы Эндрю Талли айрым америкалык эксперттерге кайрылган. Алардын айрымдары – Америка менен Израилдин элдери – бардык адамдарга, алардын өңү-түсүнө, жынысына, же улутуна карабастан бирдей укук ыйгарган калк болгондуктан, бири-бирин түшүнүп сыйлашат деген пикирлерин айтышкан. Кээ бир аналитиктер - АКШ менен Израилдин тыгыз кызматташтыгы – "кансыз согуш" жылдарында, же мурдагы Советтер Союзуна жана аны колдогон мамлекеттерге каршы катуу касташуу жылдарында калыптанганын белгилешет. Ондогон жылдар бою душман бир болгон соң, көздөгөн саясий максаттар да бир жерден чыгып, Америка менен Израил – эң жакын өнөктөштөр болуп чыга келишкен.

Америкалык мусулмандар коомунун байланыштар боюнча директору Райед Таех ошол жылдары АКШ Израилге жыл сайын миллиондогон долларлык жардам көрсөтүп отуруп, Американын өзүндө жөөттөрдүн өтө күчтүү, таасирдүү лоббиси, же Израилди колдогон саясатчылар кыймылы пайда болгонун айтат.

- "Кансыз согуш" аяктаганы менен, анын тушунда АКШда гүлдөп-өскөн Израилге жан тарткан саясий күч, же лобби азыр да барган сайын өөрчүп кетип баратат. Ошол эле маалда Палестинаны колдогондор өтө аз, анан кайдагы тең салмактуулук болмок эле?

Бул – Америкалык мусулмандар коомунун өкүлү Райед Тайехтин пикири.
АКШ-Израиль достугу – Америкада калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн протестант христиандар арасында жөөттөрдүн көпчүлүгү карманган иудаизмдин идеялары кеңири таралганы да себепкер деген жоромолдор да жок эмес. Бирок, "Азаттыктын" кабарчысы менен маектешкен аналитиктердин басымдуу бөлүгү – Вашингтондун башкы саясий жана финансылык мекемелеринде Израилди колдогон лоббисттер отурганын башкы өбөлгө катары аташкан.

Ошол эле маалда, коомдук сурамжылоолор көргөзгөндөй, Американын карапайым калкы арасында, Израилдин премьери Ариэл Шарон – кадыры эң төмөн чет элдик саясатчылардын бири.

Вашингтондун Израилди ар тараптуу колдогон саясаты - АКШнын айрыкча араб дүйнөсү менен мамилелерин катуу аксатып келет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG