Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

САУДИЯДАГЫ БАРЫМТА КРИЗИСИ АЯКТАДЫ


Саудиянын коопсуздук күчтөрүнүн жекшембидеги операциясынын натыйжасында өлкөнүн Хубар шаарында барымтага алынган 50дөй чет элдиктин көпчүлүгү куткарылды. Кечээ куралчан согушкерлер бул жерден чет элдик мунай компаниялардын кеңселери жайгашкан имаратты ээлеп алган эле. Кол салуу үчүн "ал-Каида" уюму жоопкер болду.

Хубар шаары Саудиянын башкалаасы Эр –Рияддан 400 чакырымча түндүк- чыгышта жайгашкан. Ал өлкөнүн мунай өндүрүшүнүн негизги борборлорунан болгондуктан, бул жерде иштеп -жашагандардын арасында чет элдиктер, анын ичинде Батыш өлкөлөрүнүн тургундары арбын. Дегеле дүйнөнүн эң ири мунай өндүрүүчү болгон Саудияда бул тармакта чет элдиктер көп иштейт.

Саудия бийликтеринин эсебинде, Хубар шаарында чет элдик мунай компаниялардын кеңсеси жайгашкан имаратка кол салууну 4-6 согушкер жасаган. Алардын колунан бул күнү саудиялыктар менен чет элдиктерди кошкондо кеминде 10дой адамдын өмүрү кыйылган.

Филиппин үч, Британия менен Италия бирден жаранын жоготконун ырасташты. Маалымат агенттиктеринин Саудиянын полициясына шилтеме берип кабарлаганына караганда, жекшемби күнкү операциянын натыйжасында кол салгандардын башчысы туткундалып, эки согушкер жок кылынган. Калган согушкерлердин тагдыры тууралуу азырынчы эч нерсе айтыла элек.

Барымтадагыларды бошотуу үчүн басылып алынган имараттын чатырына жекшембиде Саудиянын атайын багыттагы аскерлеринин 40тайы түшүрүлгөн эле. Коопсуздук кызмат өкүлдөрүнүн айтымында, жүргүзүлгөн операциянын аркасы менен барымтадагы 50дөй адамдын "көпчүлгү" бошотулду. Кабарларга караганда, операциянын учурунда барымтада тургандардын ичинен да жоготуу болгон. Бирок Саудиянын расмий өкүлдөрү алар кайсыл өлкөдөн экени жана кандай жагдайда каза тапканы жөнүндө маалымат бере элек. Жергиликтүү дарыгерлердин биринин билдиргенине караганда, барымтадан бошотулгандардын ичинен жараат алып, ооруканга түшкөндөр бар:

-Кудайга шүгүр, алардын көпчүлүгүнүн жарааты оор эмес. Ооруканга түшкөндөрдүн көпчүлүгү атышуудан жараат алган. Кудайдын жардамы менен биз аларды ооруканадан үч –төрт күндүн аралыгында чыгара алабыз.

Саудиядагы тактынын мураскору, ханзаада Абдалла бин Абдул Азиз телекөрсөтүүдөн сүйлөгөн учурунда Хубардагы кол салууну айыптады:

-Мындай окуянын болбошу - Саудия элинин, Саудияда жашагандардын баарынын кызыкчылыгындагы иш. Исламга тиешеси бар ар бир адам, дегеле гумандуулук, ар намыс жөнүндө түшүнүгү барлардын бири да мындайды кечире албайт.

Ал эми кол салуу үчүн теги саудиялык Усама бин Ладендин "ал-Каида" уюму, тагыраак айтканда өзүн "ал-Каиданын" жергиликтүү бөлүмүнүн башчысымын менен деп атаган Абдул Азиз ал-Мукрин деген адам жоопкер болду. Бул тууралуу анын Интернетке чыгарылган аудио билдирүүсүнө айтылган.

Айтор Хубардагы окуя - өлкө экономикасынын өзөгүн түзгөн мунай тармагына жана анда иштеген батыштыктарга каршы акыркы бир айдын ичинде эле жасалган экинчи кол салуу. Быйыл 1- Майда Янбу деген шаарда мунай- химиялык заводго жасалган кол салуудан чет элдик алты адам мерт каза тапкан.

Саудиянын АКШдагы элчиси, ханзаада Бандар бин Султан Хубар шаарындагы окуяны террорчуларды өлкөнү дестабилдештирүү жана экономикага сокку уруу аракети катары баалады. Анын айтымында, бул окуядан улам Саудия бийликтери мунай өндүрүүнү көбөйтүү жөнүндөгү убадасын өзгөртпөйт. Алар кара майдын акыркы айларда эл аралык базарда жогорулап кеткен баасын төмөндөтүү максатында мунай өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө макул болгон эле. Бирок соңку чечим мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюмунун алдыдагы аптада Бейрутта өтүүчү жыйынында кабылданышы керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG