Кырсыктын себептерин так аныктоо максатында бири-бирине көз карандысыз 3 комиссия иштеген. Башкы прокуратура өз алдынча иликтөө жүргүзүүдө. Мындан башка техникалык комиссия да иштеген. Анан – Атуулдук авиация департаменти өзүнүн комиссиясын түзүп, анын жетекчилигине – директордун орун басары Эркин Баязовду дайындаган. 1-июнда премьер-министр баштаган өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө Эркин Баязов комиссиянын эки жарым айдан берки иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын тааныштырды. Анын маалыматы боюнча, 15-марттагы Арпа аймагында болгон кырсыктын башкы бир себеби – аба ырайы:
- Тилекке каршы, аба ырайы начар болгон. Ал жерди жөө туман каптап турган. Ошондон улам учкучтар алды жагын жакшы көрбөй калышкан. Бул – кырсыктын бир себеби. Мындан тышкары - «адам фактору» деген да бар.
Эсиңиздерге сала кетели, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиация департаментине караштуу МИ-8МТВ тикучагы быйыл 15-мартта Арпа аймагына кийикке барган мергенчилерди куткаруу учурунда кулаган болчу. Эркин Баязовдун айтымында, 14-март күнү түнкү саат 11ден 30 мүнөт өткөндө Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиация департаментинин башчысына «Арпада «Музтөр» чегара пунктунан 20 чакырым алыстыктагы тоо арасында мергенчилер эки күндөн бери кар көчкүгө камалып, келе албай жатышат. Аларды куткаруу керек» деген маалымат түшкөн. 15-март күнү эртең менен 10го 10 мүнөт калганда тикучак «Манас» аба майданынан көтөрүлүп, Нарынды көздөй бет алган. Ал мергенчилерге 12ге 12 мүнөт калганда жеткен. Ала барган тамак-аштарын берип, мергенчилерди ал-жайын сурап болуп, аларды жүктөрү менен салган тик учак саат бирден 5 мүнөт өткөндө абага көтөрүлгөн. Бирок ал 3 мүнөткө жетпей эле, так айтканда, асманга жакшы көтөрүлө электе эле кулап отурат.
Кырсык болгондон кийин депутаттар Исмаил Исаков менен Адахан Мадумаров тикучакка жүк нормадагыдан көп салынган, ошол себептен кулаган деген пикирди айтышкан эле.
Эркин Баязовдун айтымында, МИ-8 тикучагы 12 тоннага чейин жүк көтөрөт. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тикучагында комиссиянын маалыматы боюнча:
- Мергенчилерди алып чыккан жерден көтөрүлгөндө тикучакта 11 тонна 130 килограмм жүк болгон. Ал эми бул шартта 12 тоннага чейин жүк салса болот. Башкача айтканда, 770 килограмм жүк жеткен эмес.
Кырсык болгон учурда тикучакта 4 учкуч жана 20 адам болгон. Алардын арасында Кошмо Штаттарынын 2, Канаданын бир атуулу жана өлкөнүн мергенчилик тармагын тейлеген Акматов, Бакасов, Нарындын мергенчилик коомунун башчысы Бошкоев болгон. Кырсыктын натыйжасында учкучтардын бирөө жана бир мергенчи каза тапкан.
Кулаган тикучактын андан кийинки тагдыры тууралуу Экология жана өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз катчысы Эмил Акматов мындай маалымат берди:
- Тикучакты алып келели деп жатабыз. Бирок анны алып келүүгө комиссиянын уруксаты керек. Анын кырсык болгон жерде туруп турганы иликтөөлөрдү объективдүү жүргүзүш үчүн керек экен. Алып келебиз, себеп дегенде, анын тетиктерин пайдаланса болот.
Эмил Акматовдун айтымында, министрликтин мурда 3 тикучагы болгон. Азыр калган экөөнүн бирөөсүн оңдоп, асманга көтөрүүгө аракет жасалып жатат.
МИ-8МТВ учагынын базар баасы 300 миң доллар же 13 миллион сом.