Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

ООГАНСТАНДАГЫ СОГУШ ИРАКТАГЫ КАН ТӨГҮҮНҮН КӨЛӨКӨСҮНДӨ


Чолпон Орозобекова, Прага Дүйнөлүк коомчулук учурда Ирак согушу менен алагды болуп аткан кез. Ал эми 2001- жылы 7- октябрда Америка куралдуу күчтөрү Ооганстанда Аль Каида менен талибанга каршы согуш аракеттерин баштагандан бери жүздөгөн америкалык аскердин аскердин өмүрү кыйылды. Бирок, Америкада Ооганстандагы согуштун тактары Иракта болуп жаткан алааматтын көлөкөсүндө калды деген тынчсыздануу байкалууда.

Иракта соңку эки суткада эле 14 киши набыт болуп, 100гө жакын адам жарадар болду. Ошондой эле Египет менен Түркиянын атуулдары барымтага алынганы жөнүндө маалымат тарады. Ирактан мындай суук кабарлардын келиши көнүмүшкө айланып баратат. Согуш башталган былтыркы март айынан бери ырасмий маалымат боюнча Иракта 800 америкалык аскер окко учту. Ага карабастан америка бийлигинин Ирактан аскерлерин алып чыгып кетүү тууралуу азырынча ою жок. Жорж Буш болсо Иракта суверендүүлүк орноп өз алдынча тынч жашоо келгенде гана америкалык куралдуу күчтөр өз өлкөсүнө кайтарын байма бай айтууда.

Ошол эле кезде Ооганстанда да жашоо тынч эмес. Америкалык куралдуу күчтөр жакынкы күндөру Аль Каида менен талибдердин күчтөнүшүнөалдын алып даярдыктарды көрүүдө. Американын Ооганстандагы куралдуу күчтөрүнүн башчысы генерал Дэвид Барнонун айтымында куралдуу топтордун калдыктары кайра жанданышы ыктымал.

- Биздин баамыбызда сентябрдагы шайлоолор жакындап келаткандыктан Оогантандагы демократиялык процессти солгундатыш үчүн Аль- Каиданын калдыктары кайра аракеттене башташы ыктымал. Бул элдин душмандары ооган элинин келечегин караңгы кылганга болгон аракетин жасашат, - дейт америкалык генерал.

Ооганстандын Забул провинциясында америкалык аскерлер талибдердин калган бөлүктөрүн тазалоо оерацияларын жүргүзүүдө. Провинциянын губернатору Найматулло Хандын айтымында алты талиб набыт болду. Ошондой эле Кабулдагы кыздар окуган мектепке коюлган бомба зыянсыздандырылды.

АКШнын атуулу Майклл Онниел бир нече жума мурда Ооганстанда окко учкан эки аскер жөнүндө укканда деми кыстыгып, былтыркы күздө иштеп аткан жеринен үйүнө чакырып келип өз баласынын мерт болгону тууралуу угузгандагы кайгы муунтуп кирген.

Анын уулу Эван Онниел Ооганстандын Пакистан менен чектеш жериндеги Шкин провинциясында аль- каидачылар деп шектелгендер менен атышып атып набыт болгон.

Майкл Онниел Ооганстанда каза тапкан эки солдатка кайгырып “бул деген биздин балдар да, мен алардын үйбүлөсү үчүн кайгырып атам. Азыр алар да мага окшоп кайгыга муунуп турушат” деп айтат Вашингтон пост” гезитине берген маегинде.

Майкл Ирактагы согушка гана маани берип, бүт дүйнө аны акмалап атып Ооган согушунун тактары унутта калабы деп чочулайт.

“Мен Иракка кол салып, Саддамдын режимин кулатканга макул болчумун. Бирок мен элдин эсине салып койгум келет, Иракка чейин Ооганстандагы согуш болгонун. 11- сентябрда биздин өлкөгө кол салган АльКаида жана талибдерге каршы биздин аскерлер Ооганстанда дале согушуп атканын унутпашыбыз керек. Дале уланып аткан согуш Ирактагы согуштун көлөкөсүндө калып калууда” дейт Майкл Оннеил.

Эскерте кетели, учурда Ооганстанда 15 миңге чукул америкалык аскер бар. Ырасмий Вашингтон билдиргенге караганда Ооганстанда калган аскерлер Аль- Каиданын жана талибдердин калдыктарын жоготушу керек.

“Вашингтон пост” жазганга караганда дүйнөгө белгилүү атлет Патрик Тиллман окко учканда эл аралык коомчулуктун көңүлү Ирак согушунан Ооганстанга утурумдук оогондой болду.

27 жаштагы Патрик Тиллманн Аризон Кардиналы менен бир канча миллион долларлык контракттан да баш тартып, Ооганстанга кетип калган. “Вашингтон пост” жазганга караганда 11- сентябардагы окуядан кийин Аль- Каидадан өч алуу ниети менен аскердик милдетин Ооганстанда өтөөнү өзү суранган.

Америкада көптөгөн жаш уландар 11- сентябрдагы жардыруу үчүн өч алабыз деген ниет менен Ооганстандагы согушка барышкан экен. Майклл Онниелдин айтымында анын баласы Еван дагы мектепти жаңы бүткөнүнө карабай аскерге жөнөп кеткен.

Ал эми Николас деген уулу жакында эле Ооганстанда каза болгон Синтия Коффин да өз уулунун патриоттуулугун эскерет. Анын айтымында 11- сентябрдагы трагедиядан кийин “биздин өлкөгө кол салганга дааган кимдер болду экен. Аларды тезинен таап жазасын мойну менен тартырыш керек” деп Николас күнү түнү тынч ала албай койгонун айтат.

24 жаштагы Николастын апасы Синтия дагы өз мекенине кол салгандардан өч алыш үчүн Ооганстанга барган уулунун жана жүздөгөн америкалык аскерлердин элеси Ирак согушунун көлөкөсүндө калып баратканына тычсызданат.

XS
SM
MD
LG