Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

БРИТАНИЯДА МУСУЛМАНДАРГА БАГЫТТАЛГАН ЖАШЫРУУН ПЛАН АЧЫККА ЧЫКТЫ


Чолпон Орозобекова, Прага Британ өкмөтү мусулмандарга багытталган жашыруун план иштеп чыккан. Ал ачыкка чыгып отурат. План боюнча Тони Блэр башында турган өкмөт чет өлкөдөн келип аткан имамдарды Британиянын жашоо-турмушуна ыктатып, ошол эле учурда Абу Хамза өңдүү үгүтчүлөрдү Британиядан чыгып кетүүгө мажбурлайт. Бул план тууралуу дүйнөлүк коомчулук “Сандей таймс” гезити аркылуу биринчи жолу угуп отурат.

Бул план өлкөдө жашап аткан 1 миллион 600 миң мусулмандарга билим берүү кампаниясын баштоо менен алардын жашоо турмушун өзгөртүүнү, ошону менен катар, өлкөдөгү коопсуздукту бекемдөөнү көздөйт.

План “Прожект Контест” деп аталат. Британ бийлигинин жогорку тепкичтери тарабынан иштелип чыгып, премьер-министр Тони Блэрдин эң жакын кеңешчиси Андрю Тернбаллдын көзөмөлүндө болгон.
“Сандей таймс” жазганга караганда бул план Британ өкмөтүнүн соңку жылдардагы дымагы күчтүү долбоорлорунун бири.

“Сандей таймс” план иштелээрден мурун Тони Блэрдин командасы мусулмандар арасында жашыруун иликтөө жүргүзгөнүн кабарлады.

Иликтөөнүн жыйынтыктары чынында мусулмандар үчүн анчалык деле жагымдуу эмес. Анда мусулмандар Британияда башка катмарларга караганда жумушсуз болгонго 3 эсе жакыныраак деп көрсөтүлгөн. Ал эми кандайдыр бир кызматка отурганга жөндөмү же квалификациясы жетишпейт, ошондой эле аз кирешелүү аймактарда жашаганга ыктуу делет иликтөөдө.

Британ бийлиги жашыруун жүргүзгөн иликтөө өлкөдө жашаган мусулмандар арасында 10 миңден 15 миңге чейин "ал-Каида" жана башка экстремисттик топторду колдогон адамдар бар деген жыйынтыкка келген.

Британиядагы Уарик университетинин профессору Мохаммед Анваз өкмөттүн бул планын комментарийлегенди өзү үчүн туура көргөн жок. Бирок жалпысынан мусулмандардын жашоосун жакшыртчу план болсо анда аны колдойм деди:

- Мен сыяктуу окумуштуулар Британияда мусулмандар жарды катмарга кирээрин так айта алышат. Ошондуктан социалдык-экономикалык көз караштан алганда мусулмандардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө багытталган кандайдыр бир пландар болсо мен колдойм. Мисалы, билим берүүнү жакшыртса, же жумушсуздук азайса, ошондой эле мусулмандарга карата куугунтук менен кол салуу токтосо, албетте колдойм. Акыры мусулмандардын жашоосунда кенедей бир жакшыра турган нерселер болсо эле мен бул планды колдойм.

Улуу Британиянын мусулмандар кеңешинин басма сөз катчысы Инайат Бунглаваланын пикиринде өкмөттүн бул иликтөөсү мусулмандардын жашоосун так сүрөттөптүр, айрыкча жаңы муундун Британ коомчулугунан такыр бөлүнүп баратканын даана сезген.

Инайат Бунглаваланын оюнда Британиядагы мусулмандар экономикалык тартыштыктан эмес, ириде саясий жактан кемсинишет:

- Алар үн кошуу укугунан ажыраганын сезишет, саясий чөйрөдө алардын пикири менен эсептешпегенин билип, ошондон кесминишет. Азыр мамлекет мусулмандар үнүн уга баштайбы - дал ушул нерсе маанилүү. Аны менен биз өзүбүздүн коомчулуктан бөлүнүп тургандагы проблемаларыбыздан кутула алабызбы.

Британ өкмөтүнүн планына ылайык мусулман мамлекеттердеги имам, муфтий өңдүү лидерлери менен иш алып баруу каралган. Ал аркылуу мусулман коомчулугунан кандайча ислам үчүн күрөшкөн согушчандар чыга келип жатканын аныктоо да милдети турат.

“Сандей таймс” жазганга караганда Британ өкмөтү мусулмандар арасында активдүү иш алып баруу менен жергиликтүү мусулмандарды чет өлкөдөн келген радикалдуу имамдардын таасирине киргизбей, ошол эле учурда экстремисстик маанайдагыларын өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбурлап туруу шарт.

Ал эми келечекте Британиянын терроризмге каршы стратегиялык пландарында мусулман жаштарды эмитен тарбиялап, кийин дал ошолор жол баштаган күнгө жетишүү көрсөтүлгөн.

А бирок өкмөт Британиядагы жаш мусулмандарды азыркыдан башкача кылып тарбиялай алабы? Инайат Бунглавала мындай максат ишке ашаарына ишенбейт, себеби мусулмандар мамлекеттин кийлигишүүсүн кабыл албай коюшу ыктымал:

- Эгер өкмөт мусулмандардын лидерлигин көтөрмөлөгөн, мечиттерде мусулмандардын билим алуусун жакшырткан француз моделин ээрчибесе, анда бул планы мусулмандар тарабынан четке кагылышы ыктымал. Бул жерде ийгилик өкмөт проблеманы кайсы жол менен чечкиси келип атканынан көз каранды. Же мусулмандарды чечим кабыл алууга мажбурлагысы келип атабы же алар менен иштешип узак мөөнөттөгү проблемалардын чечилишинин жолун сунуштайбы, кеп ушунда.

Инайат Бунглаваланын пикиринде, Британ өкмөтү мусулмандарга карата иштеп чыккан бул планын жашыруун кармап өтө чоң ката кетирди. “Иракта согуш оту алоолонуп турган кезеңде Британ бийлиги бул планын ачык жарыялап, мусулман коомчулугу менен талкуулап алса болмок” дейт мусулмандар кеңешинин басма сөз катчысы.

Ал эми “Сандей таймс” гезитиндеги жашыруун пландын бетин ачкан макалага карата ырасмий бийлик тараптан эч бир реакция болгон жок.

XS
SM
MD
LG