Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

А.АКАЕВ СОТТОРДУН КОРРУПЦИЯГА БАТКАНЫН ДАГЫ БИР ИРЕТ БЕЛГИЛЕДИ


4-июнда өкмөт үйүндө өлкөнүн сот органдарынын кеңешмеси өттү. Ага президент Аскар Акаев баш болгон мамлекеттик жетекчилер катышты. Кеңешмеде өлкөнүн сот системасын өркүндөтүү боюнча концепция кабыл алынды.

Кыргызстандын сот системасынын ашкере коррупциялашканы жөнүндө пикирлер ар кайсы деңгээлде арбын айтылып келатат. Андай сындардын бирин жакында эле президенттин кеңешчиси Андерс Ослунд айтты. Ал Кыргызстандын бийлик системасынын ичинен сот органдары эң эле катуу коррупциялашкан деген пикирин билдирген.

4-июнда өкмөт үйүндө өткөн кеңешмеде да сот системасынын коррупциялашканы айтылды. Бирок адегенде президент өз сөзүндө өлкөнүн сот системасында реформалар мыкты жүрүп жатканын белгиледи:

- Сот системасын реформалоо жалпысынан динамикалуу жана үзүрлүү жүрүп жатат. Демократиялуу-укуктук мамлекеттин ажыралгыс элементи катары мамлекеттик бийликтин көз каранды эмес жана бирдиктүү сот бутагын торолтууга карай ырааттуу жана туруктуу иштерди жүргүзүп жатабыз.

Мамлекет башчысы сот системасындагы кемчиликтерге токтолуп, анын коррупцияланышы, соттук чечимдердин ыраатсыздыгы коомго зыян алып келип жатат, деп билдирди. Аскар Акаевдин пикиринде, Жогорку сот менен жергиликтүү соттордун ортосунда байланыштын жоктугу, район, облус, шаардык соттордун мыйзамдарды каалагандай чечмелеши жалпы системанын ишине терс баа берүүгө өбөлгө берген факторлордон. Президент сөзүнүн андан аркы бөлүгүндө соттун санкциясы менен камакка алуу нормасын киргизүү боюнча демилге көтөрөөрүн билдирди. Бул маселенин эбак бышып жетилгенин Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов өз сөзүндө айтты:

- Бир катар учурларда жарандарды негизсиз түрдө жазык жоопкерчилигине тартууга, демек, алардын укуктары менен эркиндиктерин одоно бузууга жол берилип келди. Ошондуктан, камакка алууга уруксат кылууну көз карандысыз орган катары жергиликтүү сотторго берүүгө убакыт келип жетти.

Курманбек Осмонов андан сырткары юстиция министрлигинин карамагындагы сот департаментин Жогорку сотко өткөрүп берүүгө да убакыт келгенин жана бул - соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуудагы дагы бир алгылыктуу иш болоорун белгиледи.

Курманбек Осмонов ошондой эле, облустук сотторго биринчи соттук инстанциянын ыйгарым-укугун берүү менен жаңылыштык кеткенин айтты. Ал облустук соттордо апелляциялык жана кассациялык инстанцияларды түзүүнү сунуштады. Ошондой эле Осмонов экономикалык маселелерди жергиликтүү соттор жакшы чече албай жаткандыктан, андай иштерди кароону райондор аралык сотторго кайтарып берүү оң болор эле деген оюн ортого салды.

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова да өз сөзүндө юстиция министрлигиндеги департаментти сот органдарына өткөрүп берүү керек деген пикирин билдирди.

Жыйында Дүйнөлүк банктын өкүлү Николай Суботин банк менен Жогорку сот тарабынан турмушка ашып жаткан долбоор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бул ишке 19 сот катышып жатат. Анда бул соттордун маалымат базасын түзүү каралган.

Дагы бир долбоорду АКШнын ЮСАИД агенттиги менен Жогорку сот да аткарууда. Ага ылайык Жогорку соттун интернет-баракчасы ачылып, соттук иштер боюнча отчеттор жарыяланарын ЮСАИДдин өкүлү Брайан Кемпбл маалымдады.

Кеңешменин жыйынтыгында Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун ишин жакшыртуу боюнча концепция кабыл алынды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG