Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:58

ЖАЛАЛАБАДДА СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад 3-июнда «Журналист» коомдук бирикмеси Жалалабаддагы сөз эркиндигинин абалы боюнча коомдук талкуу уюштурду. Анда айтылганга караганда облуста маалымат каражаттарына тоскоолдуктар арбын.

«Борбор Азия өлкөлөрүндө сөз эркиндигин коргоо» долбоору жүргүзгөн изилдөө боюнча облустук администрациядан башка бийлик уюмдары-мекемелери зарыл мааалыматтарды бербей журналисттерди кыйнашат. Майлуусуу шаарынын абалы оор. Ал жерден тартылган видеотасма теледен көрсөтүлбөй калды. Ага шаардын мурдагы жетекчилиги жана облус бийлиги тоскоолдук кылганын «Фергана» газетасынын башкы редактору Бакыт Орунбековдон угалы:

- Тартылып келип, эфирге чыгаар алдында Майлуусуу шаарынын мэри көрсөтпөй коюуга катуу аракет кылды. Администрация аркылуу кишилерди салып, күч көрсөтүп, эфирге чыкпай калды.

Губернатордун басма сөз катчысы Орозалы Карасартовдун түшүндүрмөсү боюнча, областтык сыналгынын кызматкери Майлуусуу шаарынан даярдаган берүүнүн теледен көрсөтүлбөй калышына анын бир жактуулугу жана "шаар башчысынан өч алуу максатында атайын даярдалгандыгы" себеп болгон:

- Бир жакту материал алып келген. Биз калыс, обьективдүү материал даярдап келүүнү табыштаганбыз. "Майлуусуу шаарынан даярдалган тасманы көрсөтпөй койгула» деп катуу талап койгон эмеспиз.

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» фонду март айында семинар өткөогөн. Ага чакырылган журналисттерди ички иштер жана улуттук коопсуздук кызматкерлери жыйындан чыгып кетүүгө мажбурлашкан:

- Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бизди залдан кууп чыкканга кандай укуктары-негиздери бар экенин түзүктөп да айта алышкан жок, - дейт Бакыт Орунбеков.

Мындай пикирге Улуттук коопсуздук кызматынын облустагы башкармалыгынын өкүлү Акмат Шопоков макул эмес:

- Жыйынга катышкан укук коргоочулар, башка бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да залды таштап чыгып кетишти деп айтып атбайбы. Андай болгон эмес.

Коомдук угууда сатылган гезиттердин карызын «Кыргызпочта» ишканасынын облустагы бөлүмүнөн өндүрүү маселеси да оор бойдон тургандыгы айтылды.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG