Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

ИРАК БОЮНЧА РЕЗОЛЮЦИЯГА ОҢДООЛОР КИРГИЗИЛҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын Ирак боюнча жаңы резолюциясынын долбоорун даярдаган АКШ менен Улуу Британия ага жаңы өзгөртүү киргизилгени жөнүндө 4-июнда жарыялады. Өзгөртүүгө ылайык, өлкөнүн убактылуу өкмөтү талап кылса, Ирактагы чет өлкөлүк аскерлер чыгып кетүүгө тийиш.

АКШ менен Британия даярдаган резолюцияга ушуну менен үчүнчү оңдоо киргизилүүдө. Анын текстин эми Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан, анын Ирак боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахими жана Ирактын тышкы иштер министри Хошиар Зебари дем алыш күндөрү жолугуп талкуулайт. Резолюция эмки аптада кабыл алынат деп күтүлүүдө.

30-июндан кийин Ирактагы бийлик ирактыктардын өздөрүнө өткөрүлүп берилет деп Вашингтон мурда эле айтып келген. Акыркы апталарда убактылуу өкмөттүн курамы аныкталды, өлкөнүн утурумдук президенти менен премьер-министри аталды. Алар эми 31-январга чейин шайлоо даярдап өткөрүүгө тийиш жана шайланган парламент 2005-жылдын аягына чейин Конституция кабыл алып, туруктуу өкмөт түзөт.

Резолюциянын мурдагы текстинде Ирактагы чет өлкөлүк аскерлердин чыгып кетишин туруктуу өкмөт гана талап кыла алат деп айтылган. Эми болсо андай укукка 30-июнда бийликке келе турган убактылуу өкмөт дагы ээ болот, бирок андай талаптын аткарылышы үчүн аны Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши колдошу керек.

Анткен менен Ирактын убактылуу өкмөтү бийликке келээри менен америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылбайт. Бул жөн гана өкмөттүн чындап эле суверендүү экенин далилдөөнү көздөгөн укук. Бардык саясатчылардын айтымында, өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылып, абалды калабына келтирүү үчүн коалициялык аскерлердин өлкөдө дагы калганы жакшы.

Бирок жаңы дайындалган вице-президент Ибрагим ал-Жаафаринин айтымында, чет өлкөлүк аскерлердин макамы өзгөртүлүүгө тийиш:

- 30-июндан кийин чет өлкөлүк аскерлердин Иракта дагы кала турганы суверенитет маселесине каршы келбейт, бирок ал үчүн бир нече талап аткарылууга тийиш. Биринчиден, алар өлкөдө чет мамлекеттердин чечими менен эмес, Ирак өкмөтүнүн чечими менен калууга тийиш. Экинчиден, ал аскерлер бир же эки өлкөнүн туусу астында гана аракеттенбестен, эл аралык макамга ээ болушу керек. Үчүнчүдөн, алардын Иракта калуу мөөнөтү так белгиленүүгө тийиш жана ал мөөнөт Ирак өкмөтүнүн макулдугу менен гана узартылышы мүмкүн.

Даярдалган резолюция боюнча коалициялык аскерлердин Иракта калуу мөөнөтү 2006-жылдын январынын аягы менен чектелет. Убактылуу премьер-министр Ияд Аллави дагы 4-июнда сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, коалициялык күчтөр Иракта дагы калууга тийиш деп билдирди. Өлкөнүн убактылуу президенти болуп аталган Гази ал-Явар болсо 9-июнда АКШда өтө турган дүйнөнүн жети эң өнүккөн мамлекеттери менен Орусиянын бийик жолугушуусуна чакырылды.

4-июнда Бириккен Улуттар атайын чечим кабыл алып, Иракта парламенттик шайлоо даярдоо милдетин Бириккен Улуттардын өкүлү Карина Переллиден ирактык комиссияга өткөрүп берди. Ирактын өзүндө болсо куралдуу кагылышуулар дагы эле уланууда жана 4-июнда Багдаддын алдында америкалык беш аскер курман болду. Согуш башталгандан бери Иракта өлгөн америкалык солдаттардын саны сегиз жүздөн ашты, алардын беш жүзгө жакыны согуш аяктады деп жарыялангандан кийин окко учту.

Европага сапар менен келген АКШ президенти Жорж Буш 4-июнда Ватиканда Папа Иоанн Павел Экинчи менен жолукту. Ага утурлай Рим шаарынын көчөлөрүнө 25 миңге жакын адам чыгып, америкалык аскерлердин Ирактан чыгып кетишин талап кылды. Бирок ушул эле Рим шаарында былтыр уюштурулган антиамерикалык демонстрацияга эки миллион адам катышкан.

XS
SM
MD
LG