1944-жылдын 6-июнунда Нормандиянын жээгине Советтер союзунун шериктеринин 135 миңден ашуун аскери түшүрүлгөн. Бул операция батыш Европанын нацисттик оккупациядан бошотулушу менен аяктады.
Ишембинин таңында америкалык 600дөй парашютист 60 жыл илгеркидей болуп Сэнт-Мэр-Эглиз (Sainte-Mere-Eglise) айлына конду. Ланкастер аскерий учагы деңизге миллион гүл чамбар таштады.
Аптанын аягында өткөн эскерүү каадасына катышкан бир нече ветеран орден-медалдар менен сыйланды. Алардын арасында британиялык Жэймс Эдвард Корриганда бар:
- Мен жыйырма жылдан бери ушу жакка келип жүрөм. Француздар бизди эч качан эстеринен чыгарбайт. Буга мен абдан ыраазымын.
Салтанатка АКШ президенти Жорж Буш дагы катышты. Кольвилль сюр Мэр (Colleville-sur-mer) шаарчасында сүйлөгөн сөзүндө президент «америкалыктар башкалар менен бирге француздарды, башка европалык эр жүрөк жарандарын нацисттик үстөмдүктөн бошотуу үчүн күрөштү. Согуштун азабы менен курмандыктар бизди бөлүнгүс шериктерге айландырды. Европаны бошотууга катышкан улуттар Европанын эркиндиги үчүн чогуу турууга, тынчтык үчүн күрөштө ишенчиликтүү шерик болууга тийиш. Эркиндик үчүн ынтымак бүгүн да керек”, - деди.
Анын алдынкы күнү - 5-июнда АКШ менен Франциянын лидерлери Парижде сүйлөшүү өткөрүштү. Эки мамлекет башчы тогуз айдан бери биринчи жолу жолугушту. Ирак согушунан улам келип чыккан пикир келишпестик ортодогу мамилени бир топ эле суутуп салган. 60 жыл мурдагы күндөрү эскерүү француз-америка салттуу тарыхый байланыштарды калыбына келтирүүгө ыңгайлуу шарт болгонсуду.
Айткандай эле президенттер жылуу маанайда жолугушту. Бирок киийнчирээк Буш экинчи дүйнөлүк уруш менен Ирак согушунун ортосунда окшоштуктарды табууга аракет жасаганда, француз лидерине мындай салыштыруу көп жага берген жок.
Буш 60 жыл мурун болгон окуялардын сабактары көргөзгөндөй, эркиндиктерди коргоп калыш үчүн курмандыкка барыш керек деп ырастады.
Жак Ширак болсо Францияны бошотуу үчүн америкалык жоокерлерге ыразычылыгын билдирип, тарых өзүн өзү эч качан кайталабайт, тарыхты салыштыруу өтө кыйын деди. Ал эки согуш ортосундагы кандайдыр бир окшотук идеясын четке какты. Жекшембиде
Ароманшта (Arromanche) өткөн эскерүү салтанатына 22 мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары катышты. Британ канышасы Элизавета Экинчи канадалык аскерлердин салымын жогору баалады.
Тарыхта биринчи ирет бул күндү белгилөөгө немис канцлери келди. Шрөдердин визити бир топ карама-каршы пикирлерди жаратты. Германиянын бир катар консерватор саясатчылары канцлер атуулдук сезимин көрсөтүп, согушта курман болгон немис аскерлеринин мүрзөсүнө барууга тийиш эле дешсе, француз ветерандарынын айрымдары «Шрөдер келбей эле койсо болмок» деп нааразы болушту.
Нормандиядагы эскерүү каадасы дагы бир тарыхый окуя менен коштолду. Быйыл 6-июнду белгилөө үчүн алгачкы жолу Россиянын президенти Владимир Путин да чакырылды.
Франциянын коопсуздук органдары бир нече убакыттан бери эле күчөтүлгөн режимге келтирилген. «Жогорку даражалуу коноктордун, катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн кооспуздугун камсыздоо үчүн атайын чаралар көрүлдү», дейт өлкөнүн ички иштер министри Доминик де Вильпен:
- Майрамдык салтанаттар 19 жерде өтүүдө. 20 миңдей кишиден турган коопсуздук күчтөрү, чукул кырдаалда тез аракеттенүүчү күчтөр даяр турат.