Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

ЭРМЕК МОЙДУНОВ ЫРДАЙТ


Жакында "Азаттыктын" такай угарманы Алимжан Мусаев телефон чалып "Кыргыз эл ырчысы, арген үндүү Эрмек Мойдуновдун өмүрү менен чыгармачылыгы жөнүндө айтып бересиңерби" деп суранган эле.

Таанымал таланттуу ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрмек Мойдунов азыркы тапта 60 жашты аттаган кези. Ал Оштун Карасуусундагы Жапалак - кадимки Курманжан датканын киндик каны тамган айылда жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу шайырдын атасы эл башкарган райистен. Энеси Ашир жаактуу кошокчу, ырчыдан экен. Мойдун аке менен Ашир апанын балдары токтобой жүрүп көрүшкөн көзгө басар уулу - Эрмек.

Ал эне-атадан беш жашында айрылат. Тыпылдаган тың, тили саймедиреген Эрмекти туугандары биринчи классты бүтүп-бүтө электе эле Куршабдагы балдар үйүнө тапшырат. Бой тартып боз улан аталганда Токмокгу кесипчилик окуу жайында окуйт. Ырчылыктын учкуну балапан кезинен жанган Эрмек ал убакты мындай деп эстеди:

- Менин апам кошок айтып, ырдап жүрчү экен. Ал убакта атам райис болуп жүргөндүктөн апам эл алдына чыкандан уялып, өзүнчө түн ичинде ырдап жүрүптүр. Балким ошол апамдын ырчылыгы мага жуккандыр.

Эрмектин бала чагынан ырчы болсом деген тилеги, ойлогон ою 1962-жылы ишке ашат. Ушул жылы ордо калаадагы М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайына кирет. Анан армияга чакырылып, Ригада аскердик милдетти өтөп жүргөндө ансамблде ырдайт.

- Эрмек мырза, кезегинде ырларын кумарлана ырдаган обончуларыңыз, композиторлоруңуз болду беле?

- Обончулардан Рыспай Абдыкадыров, Аксуубай Атабаев, Калыйбек Тагаев, Сардарбек Жумалиев. Композиторлордон Калый Молдобасановдун ырларын аткардым. Негизи обону да, сөзү да жакшы ыр болсо обончунукубу, композитордукубу менменсинген ырчылар ырдашы керек.

Таанымал ырчы 1968-жылдан 1999-жылга чейин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын тунгуч эстрада ансамблинде, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде иштейт. Бул жылдардын аралыгында М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун ырдоо классын эл артистери М.Темирбеков менен В.И.Муковниковдон бүтүрөт. Эрмек тунук тенор үнү менен элдик ырлардан тартып кыргыздын залкар обончуларынын, композиторлорунун ырларына, романстарына өлбөс өмүрдү жаратты. Ошондой ырлардын бири - элдик ыр "Сары ой".
XS
SM
MD
LG