Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Италия–Кыргызстан кызматташтыгы боюнча макулдашуу күчүнө кирди


БИШКЕК. Бүгүн тышкы иштер министрлигинде Италия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу протоколго кол коюлду. 1999-жылдын март айында Рим шаарында эки мамлекеттин ортосунда макулдашуу жетишилген.

Протоколго Кыргызстан тараптан тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Италия тараптан бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Диего Ларенсо Лонго кол коюшту. Тышкы иштер министри А.Айтматов бул документ эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгын тереңдетүүгө кызмат кылаарын белгиледи. Италия элчисинин айтымында, келишимдин алкагында тараптар кош салыкты алып салуу жана инвесторлорго шарт түзүү боюнча макулдашуулардын долбоорун даярдап жатышат. Италиянын Кыргызстан менен айыл-чарба азыктарын кайра иштетүү, туризм, жол куруу багыттарында кызматташуу ниети бар.

Кызматташтыкты кенейтүү маселелери президент Аскар Акаевдин жылдын экинчи жарымына болжолдонуп жаткан Италияга расмий сапарынын учурунда талкууланат.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өлчөмү учурда 6 миллион долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG