Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

ОЛИМПИАДА УЧУРУНДАГЫ КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИ


Нарын АЙЫП, Прага 13-августта Афина шаарында кезектеги Олимпиада оюндары башталат. Грекия өкмөтү бул Олимпиаданын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн эбегейсиз аракет көрүүдө. Бирок эл аралык эксперттер аны баары бир катуу сынга алып жатат.

8-июнда Люксембург шаарында Европа Биримдигине кирген мамлекеттердеги коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды. Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Мадридде ири террордук аракет ишке ашырылгандан кийин, европалык өлкөлөр коопсуздук чараларын күчөтүүнү чечкен. Бирок жыйында Грекия сынга алынып, анын өкмөтү андай чараларды эмгиче көрө элек деп айтылды.

Анткен менен Олимпиада учурундагы көрүүчүлөр менен спортчулардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларына эле өкмөт бир миллиард доллар коротту жана бул каражат - 2000-жылы Австралияда өткөн Олимпиада оюндарындагы чыгымдан үч эсе көп. Олимпиаданы даярдоо комитетинин төрайымы Жианна Анжелопулос-Даскалакинин айтымында, мелдештер учурунда коопсуздукту камсыз кылууга Грекиядан көп кызыккан өлкө дүйнөдө жок:

- Биздин даярдык жетишсиз деген пикир туура эмес. Биздин даярдыктар бир негизги фактка негизделет: биз жашаган дүйнө азыр - мындан бир нече жыл мурдагыга караганда алда канча кооптуу. Ошондуктан быйыл жайында дүйнөдөгү бир дагы өлкө Грекиядагыдай коопсуздук чараларын көрбөйт.

Олимпиадага дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнөн он миңден ашык спортчу катышат. Стадион жана башка жайларга мелдешти көрүүгө бардыгы болуп бир жарым миллион адам келет. Сыналгы аркылуу Олимпиады оюндарын көргөндөрдүн саны бир миллиарддан ашаары күтүлүүдө. Стадиондор менен мейманканаларды 70 миңге жакын грекиялык полициячы жана аскер кайтарат. Грекиянын аба мейкиндигин АВАКС аттуу аскерий учактар көзөмөлдөп турат, өлкөнүн деңиз жээгин НАТОнун кемелери кайтарат.

Грекиянын коопсуздук кызматтарын азыр израилдик жана америкалык эксперттер машыктырууда, стадиондор менен көчөлөргө 1500 видеокамера коюлду. 13-августтагы ачылыш аземине келгендерди полиция тыкан текшере тургандыктан, көрүүчүлөр ал аземдин башталышынан үч саат мурда келүүгө тийиш. Ошондо дагы кээ бир эксперттер даярдык жетишсиз деген пикирде.

Эң негизги маселе - кээ бир спорттук түзүлүштөр курулуп бүтө элек. Коопсуздукту камсыз кылуу чараларын болсо негизинен - алар курулуп бүткөндөн кийин гана көрүү мүмкүн. Куруучулар азыр күнү-түнү иштегендиктен, башаламандык көп жана террорчулар үчүн өтө ыңгайлуу шарт түзүлүүдө. Кээ бир эксперттердин пикиринде, курулуп жаткан имараттарга террорчулар азыртан жарылуучу заттарды орнотуп коюшу мүмкүн. Олимпиада учурунда текшерүү өтө катуу боло тургандыктан, террордук аракеттер - оюндар башталаарга чейин дагы ишке ашырылышы толук ыктымал.

Бардыгы болуп Олимпиада учурундагы коопсуздук чараларына 9 миллиард доллар каражат коройт, анын кеминде 7 миллиарды - Грекия калкынан салык катары чогултулат. Ошондо өлкөнүн ар бир жараны Олимпиады оюндарын өткөрүү үчүн 640 доллар төлөгөн болот, ошондуктан кээ бир эксперттердин эсебинде, Грекия бул Олимпиададан киреше табаары күмөн. Азырынча билеттердин жарымы гана сатылды, коопсуздуктун айынан болсо үстүбүздөгү жылдын биринчи үч ай ичинде Афина шаарына келген чет элдик туристтердин саны 13 пайызга кыскарды.

Жакында Афина шаарындагы бир нече банк менен полиция түйүндөрүнүн жанында жардыруулар болду. Эч ким жапа чеккен жок, бирок мисал үчүн, Австралия өз жарандарын эскертип, Грекияга турист болуп баруу кооптуу экенин билдирди. Абал начарласа, Олимпиада оюндарын көрүүгө келгендердин саны чындап эле күтүлгөндөн аз болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG