Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

АКШнын ЧАЛГЫН КЫЗМАТЫ ЭМНЕДЕН ЖАЗДЫ….ЖЕ ТЫҢЧЫЛАР РЕФОРМАГА МУКТАЖБЫ?


Чолпон Орозобекова, Прага Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук чалгындоо кызматынын башчысы Жорж Тенет өз арызы менен кызматтан бошогондон кийин ырасмий Вашингтон тыңчылыктын бул ири агенттигин реформалоого киришкен түрү бар. Жорж Тенет кызматтан кетүүгө жеке себептер түрткү болду деген менен анын отставкасын Ирак согушуна жана 11-сентябрдагы террордук чабуулга байлаган пикирлер байма-бай айтылууда.

Башкы чалгынчынын отставкасын кай бир байкоочулар көптөн күттүргөн окуядай кабыл алышты. Соңку кезде америкалык чалгындоо кызматтын дарегине кескин сындар ар тараптан жаап келаткан. Жорж Тенет жумуштан бошогонун үйбүлөлүк себептерге байланыштырган менен, анын башка да олуттуу себептери бар дешет айрым чөйрөлөр.

Борбордук чалгындоо кызматы 11-сентябрдагы трагедиянын болорун билген жок. Бул - анын бир айыбы болсо, экинчиден, Ирактагы массалык кыргын салчу курал жөнүндө маалыматтар далилденбей калып отурат. Жорж Тенеттин отставкасы жөнүндө президент Жорж Буш өкүнгөндөй сүйлөдү. “Кызматтан кетүүсүнө жеке жагдайлары бар экен, абдан өкүнүчтүү. Америка элинин кызыкчылыгы үчүн жан үрөп мыкты иштеп берди” деди Жорж Буш.

Бирок Жорж Тенеттин кетишин Акүй өзү самады деген да ойлор бар. Борбордук чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчиси Стансфилд Тернердин оюнда президенттик шайлоо кирип келатканда Тенет өз эрки менен кетиши турмушка коошпойт. “Акүй жасап келаткан саясий басым күчтүү, ошондуктан аны кетүүгө мажбурлашканын билип турам” дейт Стансфилд Тренер.

Америкадагы саясий эксперт Уолтер Рассел Мид башкы чалгынчы туура кадам таштады деп, аны кубаттайт. Мурдараак Жорж Тенет чалгындоо кызматын реформалаганга кеминде 5 жыл керектигин айткан экен. “Реформаны баштаса, анын соңуна чыгыш үчүн дагы 5 жыл отуруш керек болчу” дейт Уолтер Рассел Мид. Жорж Тенет бул кызматта эң көп отургандардын бири. Борбордук чалгындоону 7 жыл башкарыш оңбогондой чоң мөөнөт дешет эксперттер.

Конгрессмен Жейн Харман чалгындоо кызматтары эски ыкмалар менен иштеп атканына нааразы. Ал Вашингтондо сүйлөгөн сөзүнда бул чалгынчылар жаңы кылымдын талабына жооп бербейт деп айтты:

- Кансыз согуш аяктагандан кийин биз бул кызматты жоюп, ордуна 21-кылымдагы терроризм, массалык кыргын салуучу курал өңдүү коркунучтарга каршы күрөшө алгыдай чалгын кызматын түзүшүбүз керек эле. Мисалы, массалык кыргын салчу курал деген бул коммунизм эмес да.

Оппозициячыл маанайдагы Демокатиялык партиянын өкүлдөру Жеймс Харман өңдөнүп, Америкада иштеп жаткан он бешке чукул чалгындоо кызматтарын бириктирип, бир башчы шайлоону эп көрүшөт. Бул чөйрөнүн пикиринде, бир жетекчиге баш ийген мекеме ишине жоопкер, дыкат мамиле кылат.

Борбордук чалгындоо кызматынын мурдагы кызматкери Виллиам Крситисон бул кызмат рейформага муктаж экенине макул, бирок башка жолду сунуш кылат:

- Биз эмнени үйрөнүшүбүз керек? Чалгындоо кызматы имаратынан сырткары жерлерде жасаган нерселерди жашырганга үйрөнүшүбүз керек. Бул кызмат анализдегенден башка жоопкерчиликке ээ эмес.

Кристисондун оюнда, Жорж Тенет мурдагы жетекчилердин тушунда тарыхый жактан калыптанып калган Акүй менен чалгындоо кызматынын чырмалышкан саясатын улантты.

Чалгындоо кызматы жасаган айрым жашыруун иш- аракеттер Акүйдүн шыкагы менен да жасалышы ыктымалдыгын белгилейт. Бирок ошол эле учурда Жорж Бушка жагалданып аткандай таасир да калтырышы мүмкүн деген ойдо.

Билл Клинтондун тушунда Альберт Гордун кеңешчиси болуп иштеген Леон Фуерз конгрессмен Хармандын оюна кошулат. Ал да "кансыз согуштун" заманы өткөнүн, терроризм деген оңой-олтоң жоо эместигин эскертет.

Эгерде кансыз согуштун учурунда Борбордук чалгындоо кызматы Москва менен Пекинди тиктеп отурса, эми дүйнө жүзүнө тамыр жайып аткан "Аль- Каиданын" согушчандарына ээ боло албай калышы ыктымал.

Фуерздин айтымында, 1950-60-жылдары коммунизмге каршы керектүү адамдарды издөөдө Американын чалгындоо кызматы абдан кыйналган. Эми согушчан топторго каршы иштөө андан да татаал болоору анык. Фуерз чалгындоо кызматын бул мүдөөгө ылайык келген жаш жана жаңы адистер менен толуктоону сунуштайт.

Президент Жорж Буш Жорж Тенет өз полномочиелерин июль айынын ортосунда өткөрүп берээрин айтты. Андан кийин чалгындоо кызматын азыркы орун басары Жон Маклоклин башкарары жөнүндө сөз жүрүүдө.

Байкоочулар Жорж Тенетти америкалыктар 11- сентябрдагы окуяга көз ачыктык кыла албаганы үчүн кечире алышпайт деп айтышууда. Орус басылмалары бул отставканы Тенет өзү чыдамсыздык менен күткөнүн жазып чыгышты. Ал эми кай бир чөйрөлөр Борбордук чалгындоо кызматынын чоңу "садагага чабылган сары улак" болду дешет.

XS
SM
MD
LG