Күн менен Чолпон жылдыздын тогошуусу Европа континентинде, Африка жана Азия аймагындагы көпчүлүк өлкөлөрдө байкалды. Буга чейин эле окумуштуулар тогошууну байкайм дегендерге күндү телескоп же атайын жасалган көз айнек аркылуу гана көрүү керек деп эскертишкен. Анткени түздөн-түз күндү караганда көзгө чоң зыян келтирилиши толук ыктымал. Көпчүлүк болсо тогошуу учурун астрономиялык интернет сайттар аркылуу жана бул окуяга арналган түз сыналгы берүүлөрдөн көрө алышты.
Чолпон жылдызы Күндүн үстүндөгү кара так сыяктуу көрүндү. Күндү айланган планетелардын ичинен Чолпон - Меркурийден кийинки ага жакын экинчи планета. Анын көлөмү жана салмагы Жердикине жакын.
Буга чейин мындай тогошуулар 8 жылдык аралыкта жубу менен 131 - , 139 - , 171 - , 179 - , 1874 - , жана 1882-жылдары болгон. Демек, кийинки тогошуу, астрономдордун эсеби боюнча, 2012-жылы болот.
Күн менен Чолпон жылдызы тогошушу мүмкүн экендиги жөнүндө XVII-кылымда алгач ирет немис астроному Иоганн Кеплер айтып чыккан.
Мындай тогошуулар сейрек болгондугуна байланыштуу астрономдор үчүн өтө баалуу кубулуш болду. Ошондуктан, тогошууну окумуштуулар алыс жайгашкан жылдыздар менен планеталарды изилдөө боюнча технологияларды текшерүү үчүн да пайдаланууга аракеттеништи. Анткени, азыркы тапта Жерден өтө алыс аралыкта жайгашкан планеталарга жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлө элек. Ал эми тогошуу учурунда айрым планеталар жөнүндө көбүрөөк маалыматтарды телескоп аркылуу топтоого жагдайлар түзүлөт. Буга чейинки Күн менен Чолпон жылдызынын тогошуулары да XVII-XVIII-кылымдардагы астрономдор үчүн күн системасынын түзүлүшү боюнча баалуу маалыматтарды берген. Айта кетсек, алар Жер менен Күндүн ортосундагы
аралык 149 млн. 00 миң чакырым экендигин такташкан. Башкача айтканда, мындай иликтөөнүн аркасында астрономия илими Күн системасынын көлөмү боюнча тагыраак маалыматтарды алууга жетишкен. Ал эми 171-жылдагы тогошуунун негизинде орусиялык окумуштуу Михаил Ломоносов Чолпон планетасынын атмосферасы бар экендиги тууралуу илимий ачылыш жасаган.
Европада учурда планеталар менен жылдыздарды иликтөө боюнча Эддингтон долбоору түзүлгөн. Анда планеталар менен жылдыздардын тогошуусуна байкоо жүргүзүү үчүн Жер орбитасынын атайын спутнигин учуруу пландаштырылууда. Ал долбоорго ылайык 500 миң жылдыз жана 20 миңге жакын планета изилденмекчи.