Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

ЖАҢЫ РЕЗОЛЮЦИЯ МЕНЕН ИРАККА ЖАҢЫ ДООР КЕЛЕБИ?


Иракка байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши шейшемби күнү бир добуштан жаңы резолюция кабыл алды. Документти дүйнөлүк лидерлердин көбү Ирактын тарыхындагы бурулуш доорду ачкан окуя деп баалашты. Резолюцияга ылайык, быйыл 30-июнда Ирактын убактылуу өкмөтү өлкөнү башкаруу милдетин өзүнө алат, эмдиги жылдын этегинде конституциялык бийлик түзүлөт.

Резолюцияда аныкталгандай, “Ирактагы оккупация 30-июнда бүтөт, утурумдук бейаскери администрация таркатылат, өлкөгө толук суверенитет берилет”. Иракта кала турган эл аралык контингент өлкөдө “коопсуздукту жана баракатчылыкты камсыз кылуу максатында зарыл болгон бардык чараларды көргөнгө” милдеттендирилди. Бирок саясий өткөөл процесс аяктап, конституциялык өкмөт 2005-жылы 31-декабарда бийликке келери менен контингенттин мандаты аяктайт. А кокус Ирак өкмөтү ага чейин атайын маселе койсо, анда коопсуздук кеңеши бул мандатты мөөнөтүнөн мурда токтотуп коё алат.

Багдаддагы өткөөл өкмөттүн тышкы иштер министри Хошиар Зебари резолюцияда оккупация концепциясы алынып салынганы ирактыктар үчүн баарынан маанилүү болгонун белгиледи. Алжирдин ООНдогу элчиси Абдалла Баалинин баамында, документтин тексти жакшы салмакталып жазылды, башка маселелер менен бирге эки бирдей проблема – Ирактын суверенитети жана көп улуттуу күчтөрдүн борч-милдети жөнгө салынды.

ООНдун баш катчысы Кофи Аннан резолюция эл аралык коомчулуктун, анын ичинде коопсуздук кеңешинин мүдөөсүн туюнткан, өз тагдырын өз колуна алууда ирак элине жарнакташа жардам берүүнү көздөгөн документ болду деп ишенет. Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буштун айтымында, резолюциянын коопсуздук кеңешинде бир добуштан колдоого алынганы ириде Ирак элинин чоң жеңишин билдирет. Муну менен эл аралык коомчулук Ирак калкы менен ийиндеше бирге иштеше тургандыгын, убактылуу өкмөттү, эркин шайлоону жана эл аралык күчтөрдү колдогонун көрсөттү. Россиянын президенти Владимир Путин баасында да жаңы резолюция алга ташталган чоң кадам болду.

Ал эми Британиянын премьери Тони Блэр аны жаңы Ирактын тарыхындагы маанилүү окуя деп атады. Дүйнөлүк коомчулук, Блэрдин кебине ылайык, Иракта азыркы заманга бап келген, демократиялуу жана стабилдүү коом түзүүнү каалайт, мунун өзү ирак калкынын эле эмес, бүткүл региондун, демек, жалпы дүйнөнүн таламдарына төп келет.

Резолюцияга Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери Мишел Барнье менен Йошка Фишер да комуту толгондугун, Ирактагы кайра куруу иштерине алардын өкмөттөрү эми активдүү катыша тургандыгын ырасташты. Кытайдын ООНдогу өкүлү Ван Гуан Гуе бул жолку окуядан сабак алганга чакырды. Көп уюлдуу дүйнө, анын ичинде коопсуздук кеңеши чоң иштерде өтө маанилүү механизм бойдон калды, деп айтты кытайлык элчи. Ал айрыкча Ирактагы согуштун демилгечилери акыры коопсуздук кеңешине кайтып келгенине, андан көмөк сурап кайрылганына курсант экенин билдирди.

Саясатчылардан айрымаланып, бейтарап байкоочулар жаңы резолюция менен Иракка жаңы доор келерине анчейин ишеңкиребейт.

XS
SM
MD
LG