Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

10-ИЮНДА ЧОЛПОНАТАДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БАШТАЛАТ


Кыяс Молдокасымов, Чолпоната 10-июнда Чолпоната шаарында "Евразия ХХI кылымда: маданияттардын диалогубу же цивилизациялардын кагылышуусубу?" аттуу эл аралык конференция ишин баштайт. Буга байланыштуу конференциянын уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен кабарчыбыз форумдун жөн-жайы тууралуу маек курган эле.

- Осмонакун Ибраимович, көлдүн жээгинде "Евразия диалогубу жана цивилизациялар кагылышуусубу?" аттуу эл аралык форум өз ишин баштап атат. Ушул форумду уюштуруу комитетинин төрагасы катары, башталышы, өтүшү тууралуу кыскача айтып берсеңиз?

- Жыйын эл аралык конференция деп аталат жана ага азыр дүйнөнүн төрт бурчунан коноктор келип атат десек эч бир жаңылбайбыз. Мына бүгүн Матсура - ЮНЕСКОнун генералдук директору келди. Тажикстандын президенти Рахмонов келип конду. Тигил жагы Америкадан, бул жагы Кытай, Индиядан белгилүү окумуштуу, интеллектуалдар келип отурушат. Бул кыргыз элинин интеллектуалдык тарыхында чоң окуя десек эч бир жаңылбайбыз. Мындай дүйнөнүн төрт бурчунан келген ушул белгилүү маданий, саясий ишмерлеринин жолугушуусу 1986-жылы Чыңгыз Айтматов уюштурган Ысыккөл форумунда болгон эле.

- Осмонакун Ибраимович, бул Ысыккөлдө өтүп жаткан симпозиум бир жагынан 1986-жылдагы форумду эске салууда. Анын үстүнө Чыңгыз Айтматовдун 75-жылдык мааракеси дагы ушул жерде кошо өтөт деген сөздөр бар. Ушул тууралуу дагы айтып берсеңиз?

- Ошондо дагы Америкадан, бери жагы Индия, Эфиопиядан бери коноктор келип, азыркы дүйнөнүн акыбалы, кантип жашаш керек, кантип тынчтыкты камсыз кылыш керек деген абдан маанилүү сөздөр болгон эле. Бүгүн ошол традиция кайрадан уланып отурат. Касиеттүү Ысыккөлдүн жээгинде белгилүү окумуштуулар, аналитиктер, маданият ишмерлери, азыркы заманда ар кандай диндер, ар кандай цивилизациялар өздөрүнүн баасын көтөрүп, биздин гана цивилизация, биздин гана маданият биринчи орунда турат деп талашып турган кезде кантип ынтымакта, өз ара биримдикте жашайбыз деген сыяктуу маанилүү маселелердин тегерегинде сөз болмокчу. Биз бүгүнкү 9-июнда келип дүйнөгө белгилүү жазуучу ошол Ысыккөл форумунун баштоочусу, негиздөөчүсү Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 75 жылдыгын бүт дүйнөдөн келген өкүлдөр менен салтанаттуу белгилемекчибиз. Бүгүн Чыңгыз Төрөкуловичке былтыркы жылы айкын суроо жолу менен жасалган "ХХ кылымдагы кыргыз маданиятына эң көрүнүктүү салым кошкон маданият ишмери" деген алтын медаль тапшырабыз. Биздин кошуна мамлекеттерден, дүйнөнүн башка бурчтарынан келген маданият ишмерлер өздөрүнүн куттуктоо сөзүн айтмакчы. Анан эртең 10-июнда саат 10до, кудай буюрса, "Аврора" мейманканасында ушул эл аралык конференция өз ишин баштамакчы.

- Ушундай эл аралык форумдун Кыргызстанда өтүшү өлкөгө кандай натыйжаларды берет деп ойлойсуз?

- Бул биринчиден, экономикалык форум эмес, же соода уюмдардын кеңешмеси эмес. Азыр көп айтып атпайбызбы - эл аралык биримдик, эл аралык бейпилдик, тынчтыкты сактоо деп. Мына ушул маселени карамакчы. Негизги биз үчүн пайдасы албетте, азыр CNN телеканалынан бир айдан бери Кыргызстанда боло турган форум жөнүндө реклама кетип атат. Муну 10 миллионго жакын көрүүчүлөр дүйнөнүн тегерек бурчунда карайт. Америка континенттен башка баардык континенттерде рекламаны көрүп атат. Андан тышкары Түркиянын бир нече каналдары ошол рекламабызды берип атат. Мен ойлойм, азыркы заманда Кыргызстандын атын чыгарыш, дүйнөгө белгилүү кылыш, Кыргызстан Швейцария сыяктуу чакан мамлекеттердин арасындагы аты чыккан, жакшы аброю бар, жакшы аттуу мамлекетке айландыруунун дагы бир ыкмасы го деп. Себеби, азыркы заманда жакшы кадыр-баркка ээ болуу, Кыргызстан жакшы мамлекет экен, Ысыккөлдөй көлү бар экен, ошонун тегерегинде отуруп алып дүйнөнүн түйүндүү маселелерин чечүүгө, талкуулого мүмкүнчүлүк бар экен деген сөздүн өзү Кыргызстан үчүн чоң намыс, чоң аброй. Ошондуктан бул конференцияны ушул жагынан алганда мааниси да өтө чоң, өтө зор. Ошондуктан конференциянын ийгиликтүү өтүп кетүүсүн баарыбыз каалайлы.

XS
SM
MD
LG