Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:43

«ЭЛ БИЙЛИГИ ҮЧҮН» БЛОГУ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО КУРМАНБЕК БАКИЕВДИ КОЛДОЙТ


10-июнда “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогунун өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүштү. Блок келерки жылы өтө турган президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдой тургандыгы маалым болду.

Пресс-конференцияга блок тарабынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткан Курманбек Бакиевдин өзү жана “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогунун лидери Азимбек Бекназаров катышкан жок. Ага блоктун калган мүчөлөрү - Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, “ЭрК” партиясынын лидери Бектур Асанов, КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев, “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев, “Кайран эл” партиясынын өкүлү Курманбек Турумбеков жана “Республика” партиясынан Гияз Токомбаев катышты.

Анда “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогуна кирген алты партиянын лидерлери кол койгон билдирүү жарыяланды. Аны Топчубек Тургуналиев окуп берип, блок президентикке талапкерлер арасынан Курманбек Бакиевди колдоону чечкендигин айтты:

- ”Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогу аты-жөнү жумурай-журтка таанымал атуулдардын арасынан татыктуусу, жетилгени Курманбек Бакиев экендигин белгилейт.

Билдирүүдө Курманбек Бакиев өлкөнү кризистен алып чыгууга жөндөмдүү, дараметтүү атуул катары белгиленген. Маалымат жыйынына катышкан журналисттердин "Курманбек Бакиевдин өзү маалымат жыйынына эмне себептен катышкан жок? деген суроосуна КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев мындай деп жооп берди:

- Курманбек Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүүнү биздин блок өзү чечип, ошол чечимди жарыялап жатабыз. Бул билдирүүгө Бакиевдин тиешеси жок. Эгерде биз мындай иш-чараларга аны чакырсак, ал келмек. Бирок биз аны чакырган жокпуз.

"Бакиевдин талапкерлигин көрсөтүү маселеси анын өзү менен алдын-ала сүйлөшүлдү", деп кошумчалады Жыпар Жекшеев.

Бектур Асановдун айтымында, “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогу жакында эле түзүлгөн “Адилет шайлоо үчүн” биримдиги менен көп маселелер боюнча пикирлеш, бирок эки топтун ортосунда алдыдагы шайлоолордо атаандаштык болушу мүмкүн.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогунун президенттикке талапкер тандап, аны көрсөтүүсүн күнүмдүк окуя катары баалап, кеңири маалымат берүүдөн баш тартты. Ал эми “Адилет шайлоо үчүн” бирикмесинин мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогунун чечимине карата пикири мындай болду:

- Бул табыйгый көрүнүш. Ар бир шайлоо блогу өзүнүн талапкерин аташ керек. Ошондуктан ага биз кадимкидей көз караштабыз.

Текебаевдин айтымында, “Адилет шайлоо үчүн” бирикмеси калыс жана таза шайлоо өткөрүү максатында “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогу менен кызматташа алат.

Пресс-конференциянын соңунда “ЭрК” партиясынын лидери Бектур Асанов “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогунун алдыдагы негизги максаты менен тааныштырды:

- 1995-жылы эл шайлаган киши мандатын алалбай калды. 2000-жылы да ошол окуя кайталанды. Ошондуктан биздин негизги максат - 2005-жылы эл шайлаган, эл добушун берген кишинин мандатын сактап калыш!.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG