Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

АЯЛДАР ЖАНА 2004-ЖЫЛДАГЫ ШАЙЛООЛОР


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Бириккен Улуттар Уюмунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу долбоору менен республикалык «Аялдарды коргоо жана аларга жардам берүү» борбору Жалалабадда «Аялдар жана 2004-жылдагы шайлоо» деген семинар-талкуу уюштурду.

Жыйында айтылганга караганда, аялдардын бийликке жетүүсүнө көп тоскоолдуктар бар. Алардын шайлоодо утуп чыгуусуна социалдык-экономикалык, гендердик, психологиялык маселеден тышкары жеке мүнөзү менен коомдун колдоосу кыйла таасир этет. Кемсинтүү менен абийирине тийчү сөздөр да саясатка аралашууну каалаган аялды басынтат. Мындай ой Алабука районунан келген Шаазада Баймурзаевага таандык:

- Талапкер көп балалуу аял болсо, "бул балдарын бага албай атып, саясатка умтулуп эмне кылат?» дейби… деп тартынат.

Облбийликтин жооптуу кызматкери Базаркул Асанбековдун пикири боюнча, шайлоого барчулар аялдар кыймылы, же бейөкмөт уюмдар аркылуу иши менен элге таанылышы керек:

- Талапкер аялдар шайлоочуларды билүүсү үчүн алар өз активдүүлүгүн аялдар уюмубу же бейөкмөт уюмдар аркылуубу - таанытышы керек.

Талкууда айтылганга караганда аялдарды коом, мамлекеттик уюмдар жана бай адамдар колдобосо шайлоодо утуп чыгыш мүмкүн эмес. Талапкерликке төлөнүүчү күрө акысы да чоң маселе.

Семинарды өткөргөн «Аялдарды коргоо жана жардам берүү» борборунун төрайымы Роза Айтматова саясаттагы тең укуктуулукту көп нерседен көрөт:

- Гендердик жактан сезимтал болуп, аялдар өздөрүн даярдап, мыкты программа даярдоодон тышкары да электорат менен иштебесе, үй-бүлөсү менен эркектер колдобосо, ийгиликке жетүүсү кыйын - дейт Роза Айтматова.

Губернатордун орун басары Арым Акбаралиев борбордук шайлоо комиссияларында эркектер менен аялдар ортосунда тең салмактуулук болгондо гана жыйынтык чыгаарына ишенет:

- Шайлоочу органдарда дагы алардын болушу эң жакшы жыйынтык берет эле.

XS
SM
MD
LG