Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

НАТО ИРАК МЕНЕН ИРИШПЕЙТ


НАТО Иракка кошумча күчтөрдү жөнөтөрүнөн президент Жорж Буштун күдөрү үзүлдү. Муну ал “чоң сегиздин” саммити аяктаган соң маалымат жыйынында бышыктады. 30-июндан кийин Ирактын өткөөл өкмөтү өлкөдөгү коопсуздук үчүн өзү жоопкер болот, бирок коалициянын күчтөрү жаңы бийликтерге колдоо көрсөткөнгө дайыма даяр, деп айтты Буш.

Ирактагы операцияларга НАТОну тартканга кыяз кылып жатканын америкалык президент шаршемби күнү британ премьери менен жолугушканда жаңсак мааниде туюнткан эле. Бирок саммиттин жабылышында Жорж Буш бу планды жүзөгө ашыруу мүмкүн эместигин моюнга алгандай болду. “Иракка НАТОнун кошумча күчтөрү жөнөтүлөт деп ойлобойм, бул - реалдуу эмес жана эч ким муну сунуш кылган да эмес”, - деп айтты Буш. Ошол эле учурда ал НАТО ирак өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча бул өлкөнүн коопсуздук күчтөрүн даярдоого жардамдашса, буга эч ким каршы болбой турганын да кошумчалады.

НАТОну Ирактагы операцияларга катыштырганга Франциянын президенти Жак Ширак караманча каршы чыкты. “Кандай мааниде болбосун, НАТОнун региондогу иштерге кийлигишүүсү бизге өтө опуртал көрүнөт, анткени христиан дининдеги Батыш менен исламга ыкрар кылган Чыгыштын ортосундагы тирешти ого бетер күчөтүп жибериши мүмкүн”, - деп айтты Ширак.

Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр болсо ООНдун резолюциясы текши колдоого ээ болгонун, талаш-тартыштын баары бүткөнүн белгилеп, президент Бушка дүйнөлүк коомчулук эми эмне жасай алат да, эмнени жасай албайт, ушуну ачык айтканын билдирди. “Германия Иракка аскер жибере турганына ал үмүт кылбайт, бирок биз мурдагы бардык милдеттенмебизден баш тартпай турганыбызды билет”, - деди немец канцлери.

Британ премьери Тони Блэр да Иракта НАТОлук аскерлердин ири контингенти болушун жөн көргөн жок. Мунун ордуна, Блэрдин айтымында, альянс бул өлкөдө коопсуздук күчтөрүн даярдоого көмөктөшсө алда канча пайдалуу болмокчу.

Россия НАТОнун мүчөсү эмес, бирок орус президенти Владимир Путин бул маселеге кайрылбай кое алган жок. ”Эгер НАТО Ирак менен иришкиси келсе, бу жаман эмес, - деди Путин мыйыгынан жылмайып. – Альянска узак жыл эгеше турган туруктуу душман табылат”.

Орус президенти ошондой эле “демократташтыруу” деген шылтоо менен Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин ички иштерине кийилигишүү да опуртал болорун эскертти.

XS
SM
MD
LG