Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Эксперттер коррупцияга каршы күрөш тууралуу сунуштарды айтты


БИШКЕК. 4-июндан бери Кыргызстанда иштеген эл аралык эксперттер 11-июнда маалымат жыйынын өткөрдү. Анда айтылгандарга караганда, эксперттер өз ишинин жыйынтыгында коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү боюнча сунуштарын өлкөнүн жетекчилигине тапшырмакчы. Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперти Бен Алендин айтымына караганда, ал сунуштар бир нече пункттан турат. Алардын ичинде учурда коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган өлкөдөгү үч органды жоюп, бирдиктүү мамлекеттик орган түзүү зарыл. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш боюнча мыйзамды кабыл алуу, маалымдуулукту жана соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу сыяктуу сунуштар бар.

11-июндагы маалымат жыйынына эксперттерден сырткары Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын жана ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилери катышты.

XS
SM
MD
LG