Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

КОИЧИРО МАЦУУРА: «ЫСЫККӨЛ ДЕКЛАРАЦИЯСЫНДА КӨРГӨЗҮЛГӨН МИЛДЕТТЕР КАГАЗ БЕТИНДЕ КАЛБАСА...»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Ысыккөлдө эки күн өткөн эларалык форум 12-июнда өз ишин аяктады. Жыйындын соңунда “Евразиядагы маданият менен цивилизациянын ортосундагы диалог” деп аталган декларация кабыл алынды.

Эл аралык форумдан соң өткөрүлгөн маалымат жыйынында ЮНЕСКОнун стратегиялык пландоо боюнча Бюросунун директору Ханс Д Орвиль:

-Кабыл алынган “Ысыккөл декларациясындагы” жоболордун толук ишке ашуусу үчүн Евразия чөлкөмүндөгү мамлекет башчылары, ЮНЕСКО баш болгон кадыр-барктуу эл аралык уюмдар талыкпай иш алып барышын, маданияттын, билим берүүнүн ырааттуу өнүгүшүн, чөлкөмдөгү сууларды өз ара сүйлөшүүлөрдүн негизинде чыр-чатаксыз сарамжалдуу пайдалануу, -сыяктуу башкы документте жазылган бир катар маселелерге токтолуп өттү.

Ошондой эле маалымат жыйынында эл аралык форумдагы 1-секциянын жетекчиси, Оруссия Илимдер академиясынын академиги Леонид Медведко соңку кездердеги дүйнөнүн чар тарабында орун алган террордук актыларды айыптоо менен, жыйындын жүрүшүндө эл аралык терроризмди жалгыз эле исламга таңуулап, “ислам терроризми” аталып жатканы туура эмес деди:

-Көпчүлүк террордук актылар ислам өлкөлөрүндө болгонуна карабай биз бул жыйында “ислам терроризми” же “исламдык терроризм” деген сөздү четке кактык.

Маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн жазуучу Чыңгыз Айтматов журналисттерди глобалдашуу жана терроризм темасында макала жазууда өтө сак болууга чакырды. Ошондой эле Европа өлкөлөрү биригип жаткан учурда Борбордук Азиядагы өлкөлөр чек араларын жаап, бири-биринен алыстап жатканы карама-каршылыктарды жаратуучу факторлордун бири экенин белгиледи. Андан аркы сөзүндө Чыңгыз Айтматов жакырчылыкка каршы аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгилеп, анткени:

-Кайсыл жерде жакырчылык күчтүү болсо, ал жерде терроризм тамыр алып, өркүндөйт -деген көз карашын айтты.

Жыйындын соңунда декларация жалпы жонунан жактырылып, кабыл алынган соң ЮНЕСКОнун Башкы директору Коичиро Мацуура:

-Декларация кагаз бетинде калбай, анын аткарылышына чөлкөмдөгү мамлекет башчылары жана ЮНЕСКО баш болгон бардык эларалык уюмдар ишкердүү аракет кылыш керек, - деген жыйынтыктоочу сөзүн айтты.

Cүрөттө: (солдон оңго) Осмонакун Ибраимов, Чыңгыз Айтматов, Коичиро Мацуура жана Ханс Д Орвиль форумдун убагында.

XS
SM
MD
LG