БАГДАД. Багдадда машинеге орнотулган бомбанын жарылуусунан америкалык үч солдат жаракат алды. Ушул эле күнү баш калаада америкалык аскерлер менен шии лидери Мохтада ал-Садрдын согушкерлеринин ортосунда ок атышуу болду. Андан бир согушкер курман болуп, бир нечеси жараат алды. Ирактын Хилла шаарынын жанында польшалык патруль аткылоого дуушар болду.