Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КӨРСӨТҮЛҮП ЖАТКАН КУРМАНБЕК БАКИЕВ ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР


«Эл бийлиги үчүн» блогу 2005-жылы өтө турган президенттик шайлоодо өлкөнүн мурдагы премьер-министри Курманбек Бакиевди колдой турганын билдирди. Аталган блоктун өкүлдөрүнүн пикири боюнча, Курманбек Бакиев – мамлекет башчысы болууга толук татыктуу адам.

«Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун курамына «Асаба», «Эркиндик», «ЭрК», «Кайран эл», «Республика», КДК партиялары кирет. Блоктун өкүлдөрү 10-июнда өткөргөн маалымат жыйынында Курманбек Бакиевди мамлекет башчысына татыктуу адам катары аташты.

Курманбек Бакиевдин саясаттагы мансабы президент Аскар Акаев мамлекет башчысы болуп турган учурда артты. Ал 1992-94-жылдарды Тогуз-Торо районунда аким, 1995-жылы Жалалабад облусунун губернатору, 1997-жылдан 2000-жылга чейин Чүй облусунун губернатору болуп иштеген. 2000-жылдын декабрынан 2002-жылдын майына чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Азыр – парламентте депутат. Буга чейин Бакиевдин өзү да 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коё турганын айткан болчу.

«Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун чечими тууралуу Курманбек Бакиевдин өзү журналисттерге кыскача мындай деген пикирин айтты:

- Бул тууралуу мен эмне айта алам? Мени колдойлу деген чечим кабыл алган бул блокко ыраазымын. Шайлоого чейин дагы көп бар. Менимче, дагы көп өзгөрүүлөр болот. Ошондуктан, бул жерде эч кандай деле сенсация жок, бул - табийгый иш.

Курманбек Бакиев ошондой эле, «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун өкүлдөрү мындай чечимди аны менен кеңешип туруп жасаганын айтты. Аталган блокко кирген «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев:

- «Эл бийлиги үчүн» блогу 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышам деген 7 адамдын арасынан Курманбек Бакиевди эң татыктуусу деп эсептеп, аны колдойлу дедик, - деп билдирди.

Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун Курманбек Бакиев Аксы окуясы учурунда жана Үзөнгүкууш маселеси чечилип жаткан тушта премьер-министр болуп иштеп турган, ошондуктан, ал мамлекет башчысы болуп иштөөгө татыксыз деп эсептейт:

- Курманбек Салиевич президент болууга татыксыз деп эсептейм. Эмне үчүн? Анткени, ал Аксы окуясын болтурбай, кан төктүрбөй койууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле, оппозиция менен сүйлөшүп туруп. Муну жасаган эмес. Үзөнгүкууш боюнча токтомду берип жаткан президентке «Урматтуу Аскар Акаевич, жерди сатууга жол берген мындай токтомду колдоп премьер-министр болбойм, мен аны алып чыкпайм» десе, эгер президент «Анда кызматтан кет» десе, «кетем кызматтан» деп отставкага кетип калса, анда мен айтат элем: «президент болууга татыктуу, чын эле элди, жерди сатпайт Бакиев» деп.

Топчубек Тургуналиев болсо Бакиевдин Аксы жана Үзөнгүкууш маселелериндеги позициясын анын премьер-министр катары бийлигинин чектелүүлүгү менен түшүндүрөт:

- Өкмөттүн өтө кеңири укугу болсо анда бул киши көп нерсени жасамак. Бакиев эмес, кудай келсе да өкмөт башчы катары эч нерсе кыла албайт. Бирок ачык айтыш керек – Аксы алааматынын эң чоң күнөөкөрү эмес бул киши. Себеби дегенде жанагындай эң бир жаман чечимдерди кабыл алганда аларга бул киши катышкан эмес. Мен өзү менен да эки жолу сүйлөшкөм.

Топчубек Тургуналиевдин айтымында, азыр абакта жаткан Феликс Кулов блоктун мындай чечимин колдоого алган:

- Кулов менен телефон аркылуу Бакиев сүйлөштү. Ал «Силер кандай чечим кабыл алсаңар мен ошону менен макулмун. Бир кишини гана көрсөтүш керек, антпесек жеңилебиз» деген пикир айткан.

Айрым саясатчылар блоктун Бакиев боюнча мындай чечимди кабыл алышын 19-майда Мисир Ашыркуловдун катышуусунда түзүлгөн «Адилет шайлоо үчүн» биримдикке атаандашуу катары кабыл алышууда. Аталган биримдикке кирген саясатчылардын бири Мелис Эшимканов «Эл бийлиги үчүн» блогунун чечимине жана Бакиевдин шайлоодогу мүмкүнчүлүгүнө мындай пикирин айтты:

- «Эл бийлиги үчүн» блогу туура жасады деп ойлойм. Курманбек Бакиевге менин жеке мамилем түз. Адамдык алака-катышым түз. Президенттик шайлоодо ташыркабаса, парламентте балыкка окшоп азыркыдай унчукпай отурбай, элге көрүнсө - бул кишинин шанстары жакшы деп эсептейм.

Вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Курманбек Бакиев мамлекет башчылыкка татыктуу саясатчылардын бири, бирок – анын президент болушу же болбошу - бир Кудайдын, анан элдин колундагы иш дейт:

- Ким болот аны эл билет да, эл шайлайт. Анан президенттик, атургай парламенттик шайлоого дагы көп убакыт бар го деп ойлойм. Курманбек Салиевич боюнча - өзү өндүрүшчү, жетекчи, чарбачыл, элге жакын. Кыргыздын «Чуркаган албайт, буюрган алат» деген жакшы накыл сөзү бар, мен да ошону айтам – пешенеси ачылып калса ар бир атуулдун Кыргызстандын президенти болуп калышка укугу бар.

«Менин өлкөм» партиясынын лидерлеринин бири Зайнидин Курманов дагы Курманбек Бакиевди татыктуу адам деп эсептейт. Бирок Курманов «Менин өлкөм» партиясы өз талапкерин алып чыгаарын, бирок анын атын атоо азыр эрте экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG