Маркум Бассам Салих Куббаны тажрыйбалуу дипломаттардын бири эле дешет. Ал кезинде Саддам Хусейндин өкмөтүндө да иштеген. Айрым кабарларда аны өз үйүнүн босогосунда атып кетишти деп айтылса,экинчи бир маалымат булактары жумушка бараткан жолдо жабыттан атылган октон мүрт болду дешет. Кандай болгон күндө да, жаңы өкмөткө бийлик өткөрүлүп бериле турган күн жакындаган сайын мындай иштер күч алары шексиз, деп ырастады тышкы иштер министрлигинин бир чиновниги. Мындан эки күн мурда эле Багдадда саламаттык сактоо министринин орунбасарына да бир нече киши капталдан чыгып кол салышкан эле.
Дегинкисинде, жаңы өкмөт куралган соң Иракта куралдуу адабат, бүлгүн-бүлүк иштери басаңдап кеткен жок. Премьер-министр Ияд Аллави жакында эле саботажчылар эркиндиктин күрөшкерлери эмес, террорчулар жана чет элдик жалданма лашкерлер экенин айтып, алар Ирактын көз каранды мамлекет болушун каалабайт, деп билдирген эле. Радикал шейиттердин лидери имам Муктада ас-Садр өткөөл бийликтин амирин тааныгандан баш тарткан жана аны Вашингтондун марионеткасы деп атаган. Бирок жума күнү ал Куфа шаарында намазга жыгылганы келген диндарлар алдында сөз сүйлөп, утурумдук бийликке ыкыласы өзгөрө баштаганын капиялап билгизди. Мындан тышкары имам өз отряддарына Нажафтагы ирак күчтөрүнө кол салууну токтотконго буйруду.
Билгендер имамдын позициясындагы мындай өзгөрүштөргө өткөөл өкмөт өзү жүйөө берди дешет. Атап айтканда, америкалык администратор Пол Бремер алдыдагы үч жыл ичинде ас-Садр менен анын иркектештери өлкөдөгү саясий иштерге катыша албайт деп айткан эле. Жаңы өкмөткө кирген ирактыктар болсо 30-июнда бийлик алардын колуна өткөн соң коалициялык администрациянын бул чечими суу кечпей калаарына ишаара кылышты.