Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНДУК ЖЕТЕКЧИЛИККЕ КАРШЫ ДОО АРЫЗ СОТТО КАНААТТАНДЫРЫЛГАН ЖОК


Бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акун менен Токмок шаарынын тургуну Дербишаалы Сыдыгалиевдин Биринчи Май райондук жетекчилигине каршы доо арызын карап, аны канааттандырууга жатпайт деп тапты. Укук коргоочу Турсунбек Акун райондук соттун чечимине макул эместигин, эми шаардык сотко апелляциялык арыз жолдоорун билдирди.

Укук коргоочу Турсунбек Акун менен Токмок шаарынын тургуну Дербишаалы Сыдыгалиевдин Биринчи Май райондук жетекчилигине каршы жазган доо арызы боюнча ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаева карады. Турсунбек Акундун айтымында, Кыргызстандагы укук коргоо кыймылы 14-июнь күнү «Алатоо» аянтында «Биз Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин бузуу фактыларына каршыбыз» деген аталышта митинг өткөрмөк болгон.

Бул тууралуу ал «Атуулдардын тынч, куралсыз чогулуу жана пикет, митинг, демонстрация өткөрүү укуктары жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде 10 күн мурун Биринчи Май райондук жетекчилигине кайрылуу жолдогон:

- Мен «Атуулдардын тынч, куралсыз чогулуу жана пикет, митинг, демонстрация өткөрүү укуктары тууралуу» мыйзамга ылайык он күн мурун, 4-июнда Биринчи Май районунун жетекчиси Марс Саккараевдин атына кайрылуу бергем. Ошол эле мыйзамдын 5-беренеси боюнча Биринчи Май районунун жетекчилиги бизге үч күндүн ичинде жооп берүүсү керек эле. Алар беш күндө гана «арызыңар талапка ылайык жазылган эмес» деп жооп беришти. Анын үстүнө, жооп жазылган кагазды мыйзамдын 7-беренесине ылайык менин өз колума тапшырбастан, жашы жете элек уулума берип кетиптир. Бул дагы мыйзам бузууга жатат.

Турсунбек Акун Биринчи Май районунун акими Марс Саккараевди мыйзам бузгандыгы үчүн административдик-кылмыш жоопкерчилигине тартууну жана андан кеткен чыгым үчүн 20 миң сом өндүрүп берүүнү соттон өтүндү.

Бирок сотко келген Биринчи Май районунун аппарат жетекчиси Евгений Кузнецов анын сөзүн төгүнгө чыгарды:

- Турсунбек мырза 4-июнь күнү кайрылган. Бул жума күн болчу. 5-6-июнь дем алышка туура келди. Биз 8-июнда жооп бердик. Демек, ал айткандай беш күн эме, үч жумуш күн ичинде жооп бергенбиз. Мындан сырткары өз кайрылуусунда Турсунбек Акун митинг өткөрүүгө уруксат сураган эмес. Анда Кыргызстандагы укук коргоо кыймылы 14-июнь күнү Ала-Тоо аянтында митинг өткөрө тургандыгы жазылып, ал ага катышуучу 200 кишинин коопсуздугун сактап берүүнү гана өтүнгөн.

Ал эми Токмок шаарынын тургуну Дербишаалы Сыдыгалиев 24-майда Биринчи Май райондук жетекчилигине 4-5-июнда Өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүү тууралуу арызы менен кайрылган. Бирок арыздын кайсы күнү жазылгандыгы көрсөтүлбөгөндүктөн, ал канааттандырылган эмес. Сыдыгалиев мырзанын төрт күндөн кийинки экинчи ирет кайрылуусу пикетке катышуучулардын багыты көрсөтүлбөгөн деген негиз менен артка кайтарылган. 2-июнь күнү ал үчүнчү жолу Биринчи Май райондук жетекчилигине кайрылып, акимияттан пикет өткөрүлө турган күндөр Кыргызстанда бир катар эл аралык жана республикалык деңгээлдеги иш-чаралар өтүүчү күндөргө туш келип калгандыктан, пикет өткөрүүгө мүмкүн эмес деген жооп кат алган.

Муну негизсиз деп тапкан Дербишаалы Сыдыгалиев Биринчи Май райондук жетекчилигин сотко берүүнү туура көргөн. Анын айтымында, райондук акимият кайрылуудан эч кандай кынтык таба албай, эптеп уруксат бербөө үчүн түрдүү иш-чараларга шылтаган.

Бирок анын сөзүнө Биринчи Май райондук жетекчилигинин аппарат башчысы Евгений Кузнецов жооп кайтарып, эч кандай мыйзам бузуу болбоду деп билдирди:

- Арыз «Атуулдардын тынч, куралсыз чогулуу жана пикет, митинг, демонстрация өткөрүү укуктары тууралуу» мыйзамдын негизинде түзүлгөн талапка ылайык, толук жазылган болчу. Бирок 10-июндан тарта айдын аягына чейин Бишкекте жалпы республикалык деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу биздин кат аркылуу берген жообубуз пикет өткөрүүгө уруксат берилбейт деген жооп эмес эле. Сыдыгалиев пикет өткөрүү убактысын июнь айынын аягына же июль айына жылдырса болмок.

Райондук сот укук коргоочу Турсунбек Акуновдун Биринчи Май районунун акими Марс Саккараевди мыйзам бузуп, адам укугун тебелегендиги үчүн административдик-кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана андан 20 миң сом өлчөмүндө кеткен чыгымды өндүрүп берүү тууралуу өтүнүчүн, ошондой эле Токмок шаарынын тургуну Дербишаалы Сыдыгалиевдин Биринчи Май райондук жетекчилигин пикет өткөрүүгө уруксат берүүгө милдеттендирип берүүсүн суранган доо арызын канааттандырылбасын деген чечимин чыгарды.

Укук коргоочу Т. Акун райондук соттун бул чечимине макул эмес экендигин, эми 14-июнда Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арызын жолдоорун билдирди. Анын айтымында, уруксат берилбесе да, болжолдонгон митинг жакынкы күндөрү Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлүшү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG