Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:49

Кыргызстан коммунисттер партиясы Нарында облустук бөлүмүн түздү


НАРЫН. Конференцияга аталган партиянын жер-жерлердеги райондук аткаруу комитеттеринен 40 делегет, атап айтканда, Кочкор жана Атбашы райондорунан үчтөн, Нарын шаарынан он беш жана Нарын районунан он сегиз делегет катышты. Конференцияда курамы он беш кишиден турган облусттук аткаруу комитети түзүлүп, төрагалыгына облусттук музыкалык драма театрынын директору Муса Алыбаев шайланды. Уюштуруу конференциясынын ишине Жогорку Кеңештин депутаттары Орозбек Дүйшеев жана Ишенбай Кадырбеков катышты. Ишенбай Кадырбеков конференциядан кийин «Бишкек эркин экономикалык аймагындагы» тигүү фабрикасына иштөө үчүн тандоодон жана медициналык кароодон өткөн кыздар менен жолугушуп, Нарын районунан он беш, Нарын шаарынан он кызды Бишкек шаарына ала кетти. Депутаттын айтымында дагы элүү беш кыз экинчи жана үчүнчү мөөнөт менен сегиз, он беш күн аралыгында тигүү фабрикасына иштөөгө алынат.

XS
SM
MD
LG