Жалалабат облусунун Барпы айылында жашаган Алимбаева Калипа уулу Айылчыны аскер бөлүгүнө алып барып, командирлерине тапшырып келген күнүнүн эртеси эле аскердик бөлүктөн уулуңуздар өзүн-өзү атып алды деген суук кабар келет.
Барпы айылынын тургундарынын төбө чачын тик тургузган бул окуяга элет адамдары ишенбейт. Анткени, алардын айтымында, Айылчы бул айылдын намыска жарар, эрки бекем уулдарынын бири болчу. Бул каргашалуу окуя маркум жоокердин ата-энесин жер көтөргүс кайгыга салды. Бул жанкыйдылыкка уулу өз колу менен барбастыгын, баласынын өлүмүнө башка белгисиз адамдар күнөөлүү экендигин кайгыга баткан энеси Калипа Алимбаева какшап айтууда:
- 4-май күнү өзүм заставасына алып барып тапшырып келдим. Анын эртеси эле 5-май күнү кечки саат 10до айыл аксакалдары балаңызды командир уруп коюптур, алып келатат экен деп кабар келди. Түнкү саат бир жарымда өзүн-өзү кечээ саат 12де атып алды, деп сөөгүн алып келишти. Начальниги Бапиев Өткүр менен командири Камилев Бекжан келген жок. Башка жактан эле подполковник, старшина менен замполити келиптир. Алар биз билбейбиз, башка күнү келишет деди. Начальниги Бапиев менен командири Камилев ошол бойдон келген жок. Кечээ 10-июнда кыркы болуп өттү.
Айылчынын өлүмү тууралуу 5-майда кабар келсе да ошондон бери аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзгөн эмес. Айылчынын сөөгүн көргөн айрым адамдар ок мээсинин арткы бөлүгүнөн кирип, алдынан чыккан деп жатышат. Бул көрүнүш Айылчынын өзүн-өзү атып алды дегенге күмөн туудурат дейт маркумдун атасы, кесиби боюнча дарыгер Кыргызбай Алимбаев.
Айылчынын сөөгүн Барпы айылына алып келгенде ал кызмат кылган аскер бөлүктөн эч кимдин келбей койгондугу айылдыктарды кыжаалат кылды дейт күбөлөр. Бул иш боюнча аскер прокуратурасында тергөө, иликтөө иштер жүргүзүлүүдөбү дегенге өлкөнүн аскер прокуратурасынан төмөндөгүдөй жооп алдык.
- Сузак айылында мурда сүйлөшүп жүргөн кызы бар экенин айтып, анын боюнда болуп калып, ошол иштерин бүтүрүп жүргөндүгүн майор Бапиевге жана жоокер Айдаров Кутманга ооз эки билдирген, - дейт Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун орун басары Кубаныч Алышбаев. - 3-майда эртең менен часовой болуп туруп, смен алмашуу алдында, дежур солдат Жолдошев жана катардагы жоокер Акматкуловдун көзүнчө автоматты чекесине такап бир ирет атып жиберген. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп алынган гильза Алимбаевге тиешелүү автоматтан атылгандыгын баллистикалык экспертизада көрсөтүлгөн. Соттук-медициналык эксперттин алдын-ала берген түшүндүрмөсү боюнча атылган ок Алимбаевдин чекесинен кирип, каракуш тарабынан чыккан. Бирок бүгүнкү күнгө карата гистология чыкпай жатканына байланыштуу соттук- медициналык эксперт жыйынтык чыгарып бере элек, тергөө жүргүзүлүп атат.
Айылчынын сөөгүн жерге беришти, эми анын өлүмү тууралуу чындыкты сөөк менен кошо көмө албайсың дешет айылдаштары.