Шайлоого беш талапкер катышып жатат. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, мурдагы президент Валдас Адамкус менен мурдагы премьер- министр Казимер Прунскендин шайлоодо жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү жогору. Эгер талапкердин бири да жетиштүү өлчөмдө добуш ала албаса, 27- июнда шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Мурдагы президент Роландас Паксасты быйыл апрель айында парламент импичмент жарыялоо менен отставкага кетирген. Ал мамлекет башчысынын кызматында бир жылдай гана иштеди.