Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

ИРАКТА ӨТКӨӨЛ БИЙЛИКТИН ӨКҮЛДӨРҮ ЖАНА ТАРАПКЕРЛЕРИ БУТАГА АЛЫНУУДА


Расмий Вашингтон Ирактын убактылуу өкмөтүнө бийлик ыйгарымын толук өткөрүп берээрине эки аптадай гана убакыт калганда, жаңы бийликке каршы кысым күчөдү. Анын эки жетекчи өкүлү куралчан топтор тарабынан өлтүрүлүп кетти. АКШ аскерлери өлкөнүн коопсуздугун чыңдоо жаатында убактылуу өкмөткө жардам берүүнү 30-июндан кийин да улантмакчы.

Бүгүн да Багдадда зомбулук аракеттери улантылды. Ордо шаардын чордонунда машинага коюлган бомба жардырылып, анын айынан 12 киши, анын ичинде беш чет элдик набыт болду. Ал эми жекшембиде Багдадда ушуга окшогон жардыруунун айынан 12 киши өмүрүнөн ажыраган.

Өткөн апта соңунда Ирактын убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары Бассам Салих Кубба, билим берүү министри Камал ал-Жаррах, Айад Хуршид аттуу бир күрт диниятчы жана Сабри ал-Байати деген бир араб профессор киши колдуу өлүштү. Бул чабуулдар азыркы убактылуу өкмөткө каршы күчтөр жаңы өкмөттүн жетекчи кызматкерлери менен колдоочуларын атайылап бутага алып жатканын айгинеледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жекшембиде чыгып сүйлөп, мындай чабуулдардын максаты – убактылуу өкмөттүн азыркы жана болочокку иш-аракетин жокко чыгаруу экенин баса белгиледи:

- Алар алдыга адым таштаган бул каарман жетекчилерди бутага алууда, бирок алардын далбасасынан майнап чыкпайт. Алар – киши өлтүргүчтөр. Алар ирак элине кызмат кылууга умтулуп жаткан кишилерди тындым кылууга далаалаттанып жатышат. Алардын мындай далбасасынын майнаптуу аякташына эч жол берилбейт.

Ирактын убактылуу өкмөтүнө бийлик ыйгарымын толугу менен өткөрүү иш-чарасы 30-июнга белгиленүүдө. Ал эми бул саясий өнөктүккө каршы күчтөр улам айыгышып күрөшүп, жаңы тактикага көчүштү. Маселен, Лондон шаарында араб тилинде чыгуучу «ал-Хайат» гезитинин серепчиси Хазем Сагийенин айтымында, алар Ирактын жаңы жетекчилерине гана каршы чабуул жасап тим болбостон, Иракты кайра курууга белсенген карапайым кишилерге да катылууда.

Өткөн аптада Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирак боюнча атайын резолюция кабыл алды. Сагийенин пикирине караганда, бул кадам көптөгөн ирактыктар үчүн азыркы убактылуу өкмөткө мыйзамдуу бийлик катары кароого мүмкүндүк берди:

- Бириккен Улуттар Уюмунун жана кайсы бир деңгээлде Европа менен араб дүйнөсүнүн Ирак маселесине катышуусу өлкөдөгү жаңы саясий кырдаалга көбүрөөк мыйзамдуулукту ыйгармакчы. Бул кадамга жетишүү аркылуу, саясий сөз менен айтканда, террорчуларды элден алда канча көбүрөөк обочолотууга болот.

Европа Биримдигинин мүчө өлкөлөрү Ирактагы коопсуздукту чыңдоого көмөктөшүү үчүн былтыр өз алдынча долбоор баштаган. Былтыр ноябрда алар Иорданияда ирактык полиция кызматкерлерин даярдоо үчүн атайын лагер курушкан. Анда 32 миңдей полициячы машыгуудан өтүүгө тийиш, бирок азырынча бул жайдан 3 миңдей гана полициячы таалим алды. Байкоочулардын айтымында, Ирактын курамы 200 миң жоокерден турган жаңы армиясынын кесиптик даярдыгы да ойдогудай эмес.

Бул кырдаалды эске алып, АКШнын аскер жетекчилиги Ирактын жаңы өкмөтүнө коопсуздук жаатында кол кабыш кылуу үчүн өз жоокерлери бул өлкөдө 30-июндан кийин да кыска мөөнөткө кала берээрин эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG