ИКУнун тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны уйумдун курулушунда чечүүчү рол ойногон Палестина трагедийасы улантылып, Жакынкы Чыгыш аймагы жана жалпысынан мусулман ааламы жакырчылыктын жана башаламандыктын кунарсыз деңгеелинен чыга албай, ‘маданийаттар-аралык кагылышуу’ делинген тезиске кулак төшөгөндөрдүн катары улам калыңдашып жаткан бир мезгилге туш келип олтурат. Жыйындын жүрүшүндө, жалпысынан, Ислам ааламындагы көйгөйлүү маселелер, анын ичинде, Ирактагы абал, Палестин-Израил жаңжалы, ошондой эле, Кипрдеги мусулман түрк жамааты менен байланыштар талкууга алынат.
Жыйындын алгачкы олтуруму Түркийанын президенти Ахмет Неждет Сезердин ачылыш сөзү менен башталып, Ирандын жана Африка тобунун атынан Гвинеанын тышкы иштер министрлеринин, ИКУнун учурдагы башкатчысы Абдулахат Белкезиздин жана Түркийанын тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн баяндамалары менен улантылды.
Президенти Неждет Сезер соода жана экономикалык алака-катнаштар глобалдуу мүнөз алып бараткан күнүбүздө адам укуктары жана эркиндиктер, укуктуулуктун замандаш принциптери, жыныстык теңдик жана диний толеранттуулук социйалдык өнүгүүнүн кечиктирилгис милдети болуп калганын айтты. Кийинки мезгилдин ичинде, эл аралык коомчулукта Ислам ааламын туура эмес түшүнүүчүлүк улам артып баратканын билдирип, президент Сезер “кайсы жерден биз каталык кетирдик”? деген суроонун тегерегиндеги талкуу жана талаш-тартыштар бир гана академикалык чөйрөгө камалып калбашы керек экендигин белгиледи:
- Бул суроонун жообу, Ислам ааламынын өткөн чагындай эле, анын келечеги жаатынан дагы орчундуу мааниге ээ. Ошондуктан, бул географийалык чөйрөдөгү лидерлердин, - демек, биздин, - өзүбүздү иликтеп, өзүбүзгө реалдуу баа берүүбүз - кечиктирүүгө болбой турган парзга айланып калды.
24-апрелде өткөрүлгөн референдумдун натыйжасында, Кипрде жаңыча бир кырдаал пайда болуп калганын айткан Сезер БУУнун башкатчысы Кофи Аннандын 28-май күнү жарыйалаган, Кипр Түрк Жумуруйатына карата ар түрдүү чектөө жана эмбарголордун алынып салуусун үндөгөн байандамасын эске салды жана Ислам дүйнөсүн бул маселеде улуттар аралык жамааттын артында калбай, Кипрдеги мусулман түрк туугандарына достук жана тилектештик колун созооруна үмүтүн билдирди.
3 күнгө созула турган жыйындын жүрүшүндө уйумдун баш катчысы алмашат. Түркийанын талапкери, “Ислам, Тарых, Көркөм өнөр жана Маданийат Изилдөө Борборунун” башкы директору, проф. Экмеледдин Ихсаноглу Бангладеш жана Малайзийанын талапкерлери менен бул кызмат үчүн ат салышат.
ИКУнун тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынына 5 континентте жайгашкан 57 өлкөдө байырлаган жана саны 1 миллиардды ашты деп жоромолдонгон мусулман жамааттарына өкүлчүлүк кылган ондогон делегацийалар менен бир катарда, Африканын Бирдиги жана Араб Лигасы сыйактуу эл аралык уйумдардын өкүлдөрү; ошондой эле, 600дөй чет элдик журналист катышып жатат.
Жыйын жүрүп жаткан кезде Стамбул шаарында бир катар митингдер да уйуштурулду. “Чоң Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка” демилгеси - АКШнын региондогу жайылуу сайасатынын бир бөлүгү» деп сынга алган демонстранттар тобу ИКУга мүчө өлкөлөрдү Вашингтондун бул сайасатынын куралына айланып калбоого үндөдү. Түркийа Жумушчу Партийасы тарабынан уйуштурулган бөлөк бир демонстрацийада болсо ИКУга Кипр Түрк Жумуруйатын ырасмий түрдө таанып чыгуу чакырыгы айтылды.
Митингдерди уйуштургандар НАТОнун 28-июнда баштала турган Стамбул саммитине каршы ураандарды кыйкырып, бир саамдан соң тынч таркап кетишти.