Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНСА ЭЛЕ КАДР САЯСАТЫ ЖАКШЫРАБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн парламент президент тарабынан сунушталган «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулай баштады. Анда бирдиктүү кадр саясаты мамлекеттик кызмат боюнча улутттук комиссия тарабынан жүргүзүлөөрү жазылган. Айрым депутаттар эгер бул долбоор мыйзам катары кабыл алынып, күчүнө кирсе өлкөдө кадр саясатын жүргүзүү бир адамдын колунда топтолуп калат дешип, аны кабыл алууга каршы болушууда.

Мыйзам долбоору тууралуу депутаттарга мамлекет башчынын атынан президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бул мыйзамга ылайык бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүү максатында Кыргыз республикасынын кызмат иштери боюнча улуттук комиссиясы түзүлмөк. Аталган комиссия бардык мамлекеттик кызматчыларды дайындоого, көтөрүүгө же алууга макулдук бермекчи. Улуттук комиссиянын төрагасы мамлекет башчы тарабынан беш жылга дайындалмакчы. Ошондой эле, комиссиянын жетектөөчү органы катары анын кеңеши уюштурулуп, курамына өлкө президенти, Жогорку Кеңештин төрагасы, өкмөт башчы, Жогорку соттун төрагасы, президенттик администрация башчысы жана Жогорку Кеңештин тийешелүү комитеттеринин башчылары кирет. Мындан сырткары, ага ылайык өлкөдөгү бардык министрликтерде, комитеттерде кадр саясатын жүргүзүү максатында мамлекеттик органдарда мамлекеттик катчылык кызматы уюштурулат. Ал улуттук комиссия тарабынан сунушталып, президент дайындайт.

Мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгын Болот Жанузаков мындайча түшүндүрөт:

- Негизги зарылчылыгы - мамлекеттик органдардын аппаратынын натыйжалуу иштөөсүнө өбөлгө түзүү. Анткени, министр кызматтан кетсе анын артынан жакшы кадрлар да жумуштан кетүүгө аргасыз болгон мисалдар көп. Ал эми бул мыйзам кабыл алынса министр алмашса деле ал жердеги башка кызматкерлер жумуштан кетпейт. Анткени эми кадр саясаты ар бир министрликтеги мамлекеттик катчы тарабынан жүргүзүлөт.

Ал эми көпчүлүк депутаттар «Кыргызстандын Башмыйзамына ылайык өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин макулдугу менен президент тарабынан дайындалып келсе, эми бул долбоор кабыл алынса ага ыйлайык мамлекет башчы ар бир министрликтин, комитеттердин ичиндеги кадр саясатына түздөн-түз кийлигише алат» деген пикирин билдиришти. Алардын айтымына караганда, мындай мыйзам долбоору кабыл алынса кадр саясаты бир адамдын колуна мурдагыдан да көбүрөөк топтолуп калат:

- Мыйзам долбоорунун негизинде кадрлар боюнча улуттук комиссия жана кеңеш түзүлөт. Демек, эки тизгин, бир чылбыр же өлкөдөгү бүткүл кадр саясаты ошол комиссияга берилет. Эгерде буга чейин ар бир министрликтеги орунбасарлык кызматтан өйдө карай дайындоолор Акүй тарабынан чечилип келсе, эми бул долбоор кабыл алынса өлкөдөгү бардык министрликтердеги кызматкерлерди дайындоо ошол комиссия тарабынан чечилет деген сөз.

Депутат Курманбек Бакиевдин пикиринде, мындай мыйзамды кабыл алуу менен кардык алмаштыруу мурдагыдан да күчөйт:

- Буга чейин өлкөдөгү бардык кадр саясатын мамлекет башчы жетектеген президенттик администрация жүргүзүп келген. Мен мурдагы өкмөт башчы катары мындай көрүнүштү жакшы билем. Башкасын айпаганда да губернаторлорду, акимдерди, мамлекеттик комитеттердин орун басарларын дайындоо мыйзам боюнча премьер-минстрдин ыйгарым укугу болсо да, президенттик администрация башчысынын ураксаты менен дайындалат. Ал эми бул мыйзамды кабыл алганда эле кадр саясаты оңолот деп айтуу балдардын оюнундай эле нерсе. Андай болбойт. Биз аны камсыз кыла албайбыз. Бизде жакынкы жарым жыл аралыгында кадрдык алмаштыруу башталат.

Андан соң депутаттар менен президенттин өкүлүнүн ортосунда мыйзам боюнча суроо-жооп улантылды. Ал эми көпчүлүк депутаттар президент тарабынан киргизилген мыйзам долбоору өлкөдөгү кадр саясатын адилет жүргүзүүгө өбөлгө түзөт деп, мыйзамды кабыл алууну сунушташты. Жарыш сөзгө ондон ашуун депутат жазылып, талкуу шейшемби күнү улантыла турган болду.

XS
SM
MD
LG