Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

ОМБУДСМЕН ДЕМИЛГЕ КӨТӨРДҮ


Кыргызстанда 6 жылдан бери өлүм жазасына чыгарылган өкүмдү аткарууга тыюу салынган. Сот тарабынан мындай катаал жаза 160тан ашуун адамга каршы чыгарылган. Өкүмдүн аткарылышына тыюу салынган менен оор кылмыш жасагандарды кармоочу жайдын абалы начар. Ошол себептен акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу өлүм жазасынан баш тартуу демилгеси менен чыкмакчы. Ал бул тууралуу маалымат жыйынында билдирди.

«Кыргызстан адам укугун барктаган өлкө» экенин жарыя кылган президент А.Акаевдин жарлыгы чыккандан бери үчүнчү жылга аяк басууда.

- Адам укугу менен эркиндигинин сакталышы үчүн жалпы коом жабылып аракет кылыш керек. Ошондо гана биз мүдөөгө жетише алабыз. А эгер биз «башкалар чыгып көрүшсүнчү, эмне болорун көрөлү» деп сырттан байкоо салып турсак, биз эч качан жарандардын эркиндиги менен укугунун сакталышына жетише албайбыз,- дейт президент А.Акаев.

Өлкө башчысынын ырасташынча, элдин баары демократиялык баалуулуктардын байралышы, адам укугу менен эркиндигинин сакталышы үчүн болгон аракетин жасашы лаазым. Ансыз, изги тилек, илгери үмүт артылган идеялардын баары кагазда гана калат.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, тартип коргоо органдарында мыйзам эрежелери дайым эле сактала бербейт. Кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчтөрүнүн жакшы болушуна жетишүү амалында ички иштер кызматкерлеринин шектүү адамдарды уруп-токмоктоп, зордук-зомбулук көрсөткөн учурлары аз эмес.

- Кыйноолор ар бир ИВСте болуп атат. Тергөөчүлөр эски жол, эски ыкма менен иштеп атат. Бүгүнкү күндө уруп-тепкилегендер, башына кийгизген, ийне сайып кыйнагандар , резина таяк менен ургандар көп. Мындай фактылар боюнча биз акыркы күндөрү Башкы прокуратурага эки ирет кайрылдык. Баштарын жарып, уруп-тепкилеп, соо жери калбай калган учурларда кайрылдык. Бул ушу азыр да уланууда. Менин оюмча, мунун негизги себеби ички иштер менен коопсуздук кызматынын иши тууралуу көрсөткүчкө байланыштуу. Ушунча кылмыш болсо мынчасын ачуу керек деген талапты жок кылыш керек,- дейт Турсунбай Бакир уулу.

Акыйкатчы Кыргызстандын коопсуздук кызматына кайрылып, ага каршы «Духовник» деген шарттуу аталышта ачылган иш меен тааныштырууну талап кылганын маалым кылды.

- Билесиздер, депутаттык комиссиянын материалындагы №9- иш мага каршы козголгон. Мен эмне кылсам деп ойлондум. Ал эми кайрылууга ардагер чекисттердин каты түрткү берди. Алар УККны кыраакы болууга чакырышат. Аны мен коопсуздук кызматы дагы катуу болуп, ар бирибиздин артыбыздан тыңчы коюшу деп түшүнөм. Коопсуздук кызматы мамлекет коопсуздугу менен адамдын бейпилдигин сакташы керек. Мен бүгүн УКК жетекчиси К.Иманкулов мырзага мага каршы чогултулган материалдар менен таанышып чыгууга уруксат сурап кат жөнөттүм. Эгер депутаттардын айтканы чын чыкса жаран катары мага каршы иштеген коопсуздук кызматын сотко берем,- деп айтты Кыргызстандын Акыйкатчысы.

Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчынын кызматтык милдетин аткаруусуна тоскоолдук кылган учурлар көбөйүп баратканын, бул үчүн кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартыларын отургандардын эсине салды.

Т.Бакир уулу Акыйкатчы институтуна мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай келатканын айтты. Алдагыдай мамиле улана бере турган болсо кызматынан баш тартышы мүмкүн экендигин билдирди.

- Мен дайыма айткан сөзүмдө турам. Мен депутаттар шайлагандан кийин аягына чейин иштеп берем, деп айткам. Эгер жасалма жолдор менен атайын бут тосушуп атса, менин атымы пайдаланып Акыйкатчы институтуна, Омбудсман институтуна шек келтиргси келишсе мен кызматыман баш тартам дегем.

Кыргызстан Акыйкатчысы өлүм жазасын өкүм чыгарууга тыюу салуу тууралуу демилге менен чыгарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG