Исламабаддын расмий маалыматтарына караганда, Пакистандын Ооганстан менен чекшеш райондорунда жүргүзүлгөн атайын аскердик иш-чаранын натыйжасында 55 согушчан набыт болуп, “ал-Каида” баштаган бир катар террористтик уюмдардын өкүлдөрү кармалышты. Алардын ичинде “Ал-Каида” уюмунун жетекчисинин жакын тууганы да бар.
Туткундалгандар Пакистандын түштүгүнө жакында бүлүк салган чабуулдар үчүн жоопкер деп шектелүүдө.
Өлкөнүн маалымат министри Шейх Рашид Ахмед “ал-Каида” уюмунун жетекчилеринин бири Халид Шейх Мохаммеддин жакын тууганы Мусаад Аручининин кармалышы чоң мааниге ээ деп билдирди. Мусаад Аручинин “ал-Каидадагы” ишмердүүлүгү өткөн жылы Халид Шейх Мохаммеддин Пакистанда камакка алынышынан кийин ого бетер күчөгөн.
Ички иштер министри Файсал Салих Хайат өлкөнүн коопсуздук кызматтары канчалаган өмүрлөргө коркунуч туудуруп турган бул террордук уюмдун мүчөлөрүнүн кармалышын жалпы эле терроризмге каршы күрөшүүдөгү чоң жетишкендик катары баалады.
Колго түшкөндөрдүн бири - Дауд Бадини деген ысым менен белгилүү. Ал "Лашкар-и-Жангви" деген террордук уюмга мүчө деп шектелүүдө. Бул топ Пакистанда христиандарга каршы, ошондой эле, өткөн жылдын июль айында Кветта шаарында бир нече ирет шийи мусулмандарына каршы жардырууларды уюштурган. Андан 100гө жакын адам мерт кеткен.
Маалыматтарга караганда, Дауд Бадининин жубайы “ал-Каида” уюмунун мүчөсү Рамзи Юсифтин үй-бүлөсүнө карайт. Рамзи Юсиф 1993-жылы Нью-Йоркто соода борборун жардырууну уюштурган деп күнөөлөнгөн. Ал эми кармалгандардын калгандарынын ысымдарын жана тегин айтуудан Исламабад азырынча баш тартууда.
Айрым пикирлерге караганда, колго түшүрүлгөндөрдүн айрымдары буга чейин белгисиз болгон террордук уюмдун мүчөлөрү жана алардын Пакистандын Ооганстанга чектеш Ван шаарындагы өзбекстандык жоочулар менен да байланышы бар.
Пакистандын түштүк аймагындагы Синх вилайетинин полиция жетекчиси Сайид Кемал Шах кармалган жоочулардын жакында Карачиде болгон жардырууларга да тиешеси бар деп эсептейт:
- Биз Карачиде террордук уюмдардын 8 мүчөсүн камакка алдык. Алар Карачиде ушул жылдын 15-январынан тарта 10-июнга чейинки террордук жети чабуулду уюштурууга да тиешелери бар.
Анткен менен, Пакистандын айрым саясий адистери азырынча террордук уюмдардын, алардын ичинде “ал-Каиданын” айрым мүчөлөрүн кармоону терроризмге каршы күрөшүүдөгү чоң жетишкендик деп айтуу эртелик кылаарын белгилешүүдө. Буга байланыштуу пакистандык саясий эксперт Хасан Аскари Ризвинин ою мындай:
- Эгерде камакка алынган согушчандардан терористтик уюмдардын байланыштары жөнүндө кандайдыр бир маалыматтар алынса, анда чындыгында чоң жетишкендик болот. Ал эми камакка алып, аларды күнөөлүү деп жарыялоо анчейин деле чоң мааниге ээ эмес.
Резви өзүнүн сөзүн андан ары мындай деп улантат:
- Кармалгандардын айрымдары өзбек жоочулары Пакистандын аймактарында бар экендиги жөнүндө айтышууда. Алардын айрымдары аскерлер менен болгон кагылышууларда набыт болушкан. Мындай жагдай Пакистандын бийлигин тынсыздандырышы керек. Анткени, эгерде террористтердин ортосундагы байланыштарга бөгөт коюлбаса, терроризм башка аймактарга да, өзгөчө, соңку мезгилде кыйын саясий абал түзүлүп жаткан Борбор Азия чөлкөмүнө да көбүрөөк коркунуч туудура башташы мүмкүн.
Айрым серепчилердин пикиринде, соңку мезгилде террордук уюмдар тарабынан көптөгөн майда экстремисттик топтор түзүлө баштады. “Ал-Каиданын” же “Талибандын” калган-каткан өкүлдөрү түзгөн мындай топтордун артынан байкоо жүргүзүү өтө кыйын.
Бирок ага карабастан, Исламабаддын терроризмге каршы багытта жүргүзүп жаткан иш-аракеттери батышта жогору бааланууда.