Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

ЭЛ МИТИНГДЕН ТАЖАДЫБЫ?


14-июнда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында 200 кишинин катышуусу менен өткөрүлөөрү белгиленип жаткан митинг болбой калды. Ал «Биз Кыргызстанда адам укугун жана эркиндигин бузуу фактыларына каршыбыз» деген атта өтмөк. Митингди уюштуруучу – укук коргоочу Турсунбек Акундун айтымында, жыйындын болбой калышына жергиликтүү бийлик тарабынан акцияга уруксат берилбегендиги бир себеп болсо, экинчиден, ага элдин аз келгендиги да таасир тийгизди. Ошол эле учурда, митинг, пикет, жүрүш сыяктуу саясий акцияларды өткөрүү азыр өзүн актабай калды, эл мындай чогулуштарга кызыкпайт деген пикирлер да бар.

14-июнь күнү саат 10.00 дон 12.00гө чейин өтөөрү белгиленген митинг болбой калды. 200 кишинин катышуусу күтүлүп жаткан саясий жыйынга он чакты гана киши келди. Ушул себептен улам, митингди уюштуруучулар жок дегенде пикет өткөрүүнү чечишти. Алар «Алатоо» аянтындагы «Эркиндик» эстелигинин алдына «Бийлик ээлери, элди ойлогула! Коррупция токтотулбаса эл көтөрүлүп чыгаарын эскертебиз!», «Улуттук коопсуздук кызматкерлери, оппозиция лидерлерин куугунтуктоону токтоткула!», «Саясий туткун Феликс Кулов токтоосуз түрдө бошотулсун!» деген талаптар жазылган чакырыктарды кармап, пикет өткөрүштү. Чакырыктардын ичинде мындан башка: «Бийлик, алданган амантчылардын укугун коргоп, алардын акчаларын кайтарып бергиле!», «Президент Акаев, кыргыз тилин ооздуктоону токтотуңуз!», «Ислам динин экстремизмге жана терроризмге байлабагыла!»деген маанидеги талаптар да бар эле.

Катышуучулардын арасында өз мүдөөлөрүн айтуу үчүн атайын алыстан келген карыялар да болду.Таластык пенсионер Баяс Жакыпов бийлик пенсия 15% көбөйдү деп айтып, ал эми иш жүзүндө андай болбой, элди алдап жаткандыгына нааразылыгын айтты:

- Мамлекет башчыбыз Акаев пенсияны 15% көбөйтөбүз деп сүйлөгөн. 800 сомдон ары жагы 3%, ал эми андан кийинкиси 8%-12%. Элди алдап жатышат. Ар ким эмгегине жараша чыккан, пенсияга. Эмне үчүн бардыгын бирдей көбөйтпөйт? Биз согушка катышпаганыбыз менен тылда иштедик. Орок оруп, машак терип, согуштагылардын оозуна нанды кармап турганбыз. Ошондуктан бизди дагы согуштун катышуучулары катары эсептешсин.
Көп өтпөй пикетчилер турган жерге Биринчи май районунун акими Марс Саккараев милиция жана коопсуздук кызматкерлери менен келип, укук коргоочу Турсунбек Акунга тез аранын ичинде кишилерин алып, чакырыктарын жыйнап кетпесе, уруксат берилбеген пикет өткөрүп жаткандыгы үчүн күч колдонушаарын билдирди. Анын айтымында, пикет массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн буруу үчүн гана өткөрүлүп жаткансыйт.
Акимдин эскертүүсүнөн кийин дагы 15-20 мүнөт туруп, пикетчилер таркап кетишти. Ошентип, 200 кишинин катышуусунда өткөрүлөөрү белгиленген саясий жыйын максатына жеткен жок. Митингди уюштуруучу «Кыргызстан укук коргоо кыймылынын» жетекчиси Турсунбек Акун мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Бизге Биринчи май райондук жетекчилиги пикет өткөрүүгө уруксат бербей койду. Сотко кайрылсак аларды колдоп койду. Ошондуктан митингге келүүчүлөргө алдын-ала телефон чалып, мен эскертип койгон элем. Анткени көп киши келсе милиция аларды чырылдатып кармамак. Бийлик тарабынан уруксат берилгенде, бут тосуулар болбогондо митинг өтмөк.

Бирок элдин арасында азыр маселе митинг, пикет, жүрүш жана башка жолдор менен чечилбей калды, бу жол эскирди деген ойлор да жок эмес. «Эл» партиясынын төрагасы Мелис Эшимканов:

- Митинг деген бул өзү элдин ички каалоосунан чыккан табигый нерсе болушу керек. Ал эми жасалма митингдердин заманы өттү деп ойлойм. Негизи эле бүгүн демократиянын алгачкы пикет, митинг, жүрүш сыяктуу баскычтарынан арылып, башка бир таасирдүүрөөк жолдоруна өтүүнүн мезгили келди деп ойлойм, - деди.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG