Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕГАРАСЫНДАГЫ ЧЫР-ЧАТАКТАР


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жалалабад облусунун кыргыз-өзбек чек арасында чыр-чатактар көп болуп турат. Андай жаңжалдар чек аранын такталбагандыгынан өзгөчө, Аксы районунда көп кайталанат. Чек ара чырларын болтурбоо үчүн жергиликтүү бийлик кандай аракеттерди жасоодо?

Расмий бийлик сабырдуулук менен мамиле кылганы менен, соңку учурда чек ара чатагы бат-бат кайталанчу болду. Үч апта мурун Аксынын Жетиген айылынын тургуну Сүйгүнбаев жоготкон атын Өзбекстандын Нанай айлынан издеп жүргөндө ал жерликтер унаасын тартып алып, өзүн токмоктоп салышкан. Үйүнө кете албашына көздөрү жеткенде атка таңып кое беришкен. Сүйгүнбаевдин сабалышына Аксыдагы бейөкмөт уюмдардын болжолунда нанайлыктардын эки коюнун табылбай жатканы себеп болгон.

Райондун Киндикташ айлынан Акбаралы Темиров кошуналардан нечен токмок жегенин, кыргыз аймагында өзбектердин бодо малы кенен жайылаарын айтты:

- Мен Киндикташта 30 жылдан бери жашайм. Нечен жолу токмок жедим, бийликтен бирөө абалымды сурап койгон жок. Акча берсе мал-койлорду өткөрүп атыры.

80 жаштагы Абдраим Нарынбаевдин пикиринде, чек ара чатагы анын такталбаганынан чыгууда. Өзбекстандын Мамай айлынын тургундары апрель айында Кербен айыл өкмөт башчысынын көйнөгүн айрышкан. Чатак жайыт пайдалануу тууралуу келишимдин жоктугунан чыккан. Карыянын болжолунда мындай чатактар качан эки өлкөнүн башчылары өз ара сүйлөшүп, маселе чечкенде гана токтойт:

- Ушундай чырлар Акаев менен Каримов сүйлөшүп турса болбойт эле. Антпесе, чыга берет.

Чатак чыккан Мамай айылы менен Кербен айыл өкмөттөрүнүн ортосунда келишим түзүлгөн. Аксы районунун акими Абдималик Эгембердиевдин ою боюнча, эми чек араны бузгандар жоопко тартылууга тийиш:

- Өз алдынча мал жаюуга тыюу салынган. Мал-жан келишим менен гана жайылат. Өз алдынча, уруксатсыз чек арадан өтсө жоопко тартууга укугубуз бар.

XS
SM
MD
LG